"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

Роза Аманова: «РУХ САНАТ» – КЫРГЫЗДЫН РУХУН ДАҢАЗАЛАГАН МАДАНИЙ КӨПҮРӨ

– Роза Асановна, үстүбүздөгү жылдын 1-2-3-август күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» маданий-этнографиялык комплексинде Дүйнөлүк «Рух Санат» салттуу маданият жана музыка фестивалы өткөнү турат. Ушул боюнча маалымат бере кетсеңиз?

– Ооба, өзүңүз белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын 1–3-августунда Кыргызстанда биринчи жолу эл аралык маанидеги Дүйнөлүк «Рух Санат» салттуу маданият жана музыка фестивалы өткөнү турат. 30дан ашык өлкөдөн 130дан ашуун катышуучунун фестивалга келери белгилүү болду. Алардын арасында Австрия, Улуу Британия, Индия, Япония, АКШ, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Россия ж.б. мамлекеттердин салттуу музыка алып жүрүүчүлөрү, илимпоздору, фестивалдардын жетекчилери, продюсерлер бар. Жалпы-жонунан бул маданий иш-чарага 300гө жакын маданият жана искусство ишмерлери катышмакчы. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесинин негизинде өтүп жаткан фестивалдын программасын үч маанилүү иш-чара түзөт.

  1. Салттуу музыкалык искусствону алып жүрүүчүлөрдүн эл аралык сынагы. Сынак аркылуу дүйнөдөгү этностордун салттуу музыкалык искусствосу менен таанышып, салттуу музыканы алып жүрүүчү музыканттардын деңгээлинин натыйжасында аталган искусствонун азыркы абалынан кабар алууга болот. Сынак, жөн гана чыгармачыл таймаш эмес – бул өлкөлөр ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөөгө багытталган маанилүү чыгармачылык пикир алышуу аянтчасы. Сынакка, тандоодон өткөн 84 профессионал музыканттар, б.а. АКШ, Япония, Индия, Египет, Түштүк Корея, Польша, Бангладеш, Гвинея, Эстония, Венгрия, Россия, Казакстан, Өзбекстан ж.б. чет өлкөлөрдөн келген 9 жеке аткаруучу жана 12 чыгармачыл топ, Кыргызстандын атынан 4 жеке аткаруучу музыкант жана 4 чыгармачыл топ катышууда. Сынак оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствонун аваздык-аспаптык багыты боюнча өтөт. Музыканттардын дараметин 7 өлкөдөн келген эл аралык калыстар тобу баалайт, жеңүүчүлөр дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат. 1–2-августта өткөн сынактын жеңүүчүлөрүнө 3-августта фестивалдын салтанаттуу жабылыш аземинде сыйлыктар
    тапшырылат.
  2. «Салттуу маданият жана искусство: сактоо, өнүгүү маселелери» аталышындагы Эл аралык конгресске 200дөн ашуун илимпоздордон өтүнмө түшкөн, алардын жүзгө жакыны тандалып, “КР УИАнын Кабарлары» журналынын атайын санына жыйнак болуп чыгууда. Конгресске АКШ, Нидерланды, Россия, Япония, Улуу Британия жана Казакстан сыяктуу 30га жакын өлкөнүн белгилүү окумуштуулары келе жатат. Өзгөчө, ICTMDдин президенти, профессор Тан Суи Бенг айымдын Борбор Азияга биринчи жолу келиши конгресстин маанисин арттырат. ICTMD 1947-жылы түзүлгөн ЮНЕСКО менен тыгыз кызматташкан дүйнө жүзүндөгү салттуу музыкалык искусство боюнча жүздөгөн окумуштуулардын башын кошкон эл аралык уюм.
  3. Салттуу музыкалык искусстводогу профессионал музыканттардын чыгармачылыгын колдоо максатында Маркет аянтчасы – маданий тажрыйбалардын жана идеялардын жарманкеси. Бул аянтчага Египет, Германия, Түштүк Корея, Индия, Түркия, Грузия, Өзбекстан сыяктуу 14 өлкөдөн 38 катышуучу келет. «BANI» (Грузия), «TURAN» (Казакстан), «IPEK YOLU» («Жибек Жолу», Түркия) сыяктуу белгилүү этно-топтор да Маркетке катышат.

– «Рух Санат» салттуу маданият жана музыка фестивалын өткөрүү өлкөбүзгө пайда алып келеби?

– «Рух Санат» фестивалы Кыргызстанга олуттуу пайда алып келет, анткени бул иш-чара өлкөбүздү уникалдуу маданий аянтча катары дүйнөгө таанытууга, «Көчмөндөр оюндары» сыяктуу эле, салттуу маданият жана музыкалык искусство жаатында жаңы бренд болууга чоң мүмкүнчүлүк берүүдө. Маданий туризмди өнүктүрүү менен бирге, фестиваль Кыргызстанды салттуу музыкалык мурастарды сактоого өзгөчө көңүл бурган “өрнөк” республика катары дүйнөгө таанытууга толук шарт түзөт. Элибиз үчүн болсо, улуттук иденттүүлүктү чыңдап, жаштарды ата-бабадан калган көөнөрбөс руханий байлыкка урмат менен мамиле жасоого үндөп, эл аралык кызматташтыкты арттырып, өлкөнүн имиджин көтөрүүгө чоң салым кошот. Кошумчалай кете турган нерсе, фестивалды ММК бийик деңгээлде чагылдырса гана, биз күткөндөй жыйынтыктар болот… (бизде жакшы, уңгулуу иш-чаралар көз жаздымда калып кетет го…, кыргыз айткандай “бош чакалар катуу калдырайт” эмеспи…).

– «Рух Санат» салттуу маданият жана музыка фестивалы сиздин демилгеңиз экенин уктук. Бул эмнеден улам келип чыкты?

– «Рух Санат» фестивалы – бул менин 37 жылдык чыгармачылык жолумдун жана 2004-жылдан баштап кыргыздын, ошондой эле Кыргызстанда жашаган этностордун салттуу музыкалык искусствосун сактоого, жайылтууга жана өркүндөтүүгө арнап, жыл сайын 25-апрель «Салттуу музыка күнү» деп чуркаган менин жана жанымдагы жүздөгөн өнөр адамдарынын мээнетинин кайтарымы, үзүрлүү эмгеги деп түшүнөм. Токтогул атанын урпагы, сологой комузчу Чоңмурундун чөбөрөсү катары кыргыздын салттуу музыкасына болгон баш ийүүм – урматым, аны сактоо, өркүндөтүү жана дүйнөгө таанытуу деген изги каалоом. Салттуу музыкалык искусство боюнча долбоорлорду демилгелөөнүн башатында туруп, жашоомдогу негизги ишиме, өмүрүмдөгү миссияга айланды.

Көп жылдык илимий изилдөөлөрүмдүн жана практика жүзүндөгү устаттык ишмердүүлүгүмдүн жүрүшүндө, оозеки салттагы профессионалдык музыкалык мурасыбыздын канчалык терең жана улуу экендигин терең түшүндүм. Ошол эле учурда, ааламдашуунун таасири астында бул баа жеткис байлыктын жоголуп кетүү коркунучу, мисалы, «күү чертиш өнөрү», чыгармаларды жаратуудагы жөнөкөйлөштүрүү (канондордун сакталбашы) процесси, шаардык фольклордун таасиринин астында жанрдык өзгөрүүлөр сыяктуу жагдайлар жан кейитет. Мына ушул себептен, 2004-жылдан баштап «Кыргыздын салттуу музыкасы» фонду негизделип, салттуу музыкалык искусствону сактоо, өркүндөтүү жана жайылтуу багытында системалуу иш алып барууга туура келди. Албетте, ушул жерде менин өмүрлүк жолдошум, академик Кубанычбек Жумалиевдин кошкон моралдык жана материалдык салымына ыраазычылыгымды айта кетишим керек.

Бул аракеттердин натыйжасында 25-апрель «Салттуу музыка күнү» (2013) болуп белгиленип, салттуу музыка күнүнүн 15 жылдыгынын урматына «9-сентябрь –Комуз күнү» (2019) болуп жарыяланды. 2017-жылы КР Улуттук аттестациялык комиссиясы тарабынан 17.00.02-музыкалык искусство шифры боюнча кандидаттык диссертацияларды коргоого (совет заманында болгон эмес) уруксат берилди. 2024-жылы Салттуу музыка күнүнүн 20 жылдыгында, биздин демилге менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын алдында Салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борбору ачылды.

Көп жылдык эмгектин логикалык уландысы катары, кыргыздын руханий байлыгын дүйнөлүк деңгээлде даңазалоо максатында «Рух Санат» дүйнөлүк салттуу маданият жана музыка фестивалын өткөрүү идеясы менен Өлкөбүздүн Президенти С.Н.Жапаровго кайрылганыбызда, Ажобуз демилгени толугу менен колдоп, бюджеттен каржылоону тапшырды, натыйжада Фестивалды өткөрүү боюнча Министрлер Кабинетинин тескемеси чыкты. Демек, бул долбоор мамлекетке керектүү экендиги, салттуу музыка жаатында эмгектенген патриот өнөр ээлеринин иши туура багытта экени жана долбоордун мамлекет тарабынан жогору бааланганы айгинеленди.

Республикалык деңгээлдеги долбоордун эл аралык масштабга көтөрүлүшү – биздин адал эмгегибиздин акыбети кайтты дегенге жатат эмеспи. Мунун далили катары 2024-жылдан баштап Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Салттуу музыка күнүн, мындан ары жыл сайын Улуттук «Манас» театры өткөрө турган кылып буйрук чыгаргандыгын жана быйыл 21-жолу 20–25-апрель күндөрү, Салттуу музыка жумалыгын театрдын жетекчиси манасчы Нурбек Талантбеков башында туруп жогорку деңгээлде өткөргөнүн белгилей кетүү зарыл. Буйруса, мындан ары жыл сайын театрдан Салттуу музыка жумалыгы жогорку деңгээлде өткөрүлүшүн күтөбүз.

– Баса, былтыр Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Улуттук илимдер академиясында Салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борбору ачылган. Ал жактагы иштер ийгиликтүү жүрүп жатабы?

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тескемесине ылайык ачылган Салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борборунда иштер ийгиликтүү жүрүп жатат. Бул борбор кыргыз элинин жана Кыргызстанда жашаган этностордун салттуу маданияты (улуттук оюндар, кол өнөрчүлүк, этнодизайн, бий, тамак-аш ж.б.) жана музыкалык искусствосу (фольклор, оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусство) жаатында фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрдү жүргүзүүнү, жаш окумуштууларды тартууну көздөйт. Мындан тышкары, борбор жоголуп бараткан мурастарды изилдөө, электрондук архив түзүү жана интерактивдүү музей ачуу пландарын ишке ашыруу процесстерин уюштуруу менен алек. «Салттуу маданият» (бөлүм башчы, ф.и.д., профессор К.Конкобаев) жана «Фольклор жана салттуу музыкалык искусствонун тарыхы, теориясы» (бөлүм башчы, музыка таануучу А.Акимжан) бөлүмдөрү заманбап иликтөөлөрдүн негизинде «Комуз – кылымдар мурасы» жана «Саймалы-Таш – Кыргызстандын маданият казынасы» аталышындагы маанилүү долбоорлордун үстүндө иш алып барышууда.

Бирок, бир гана жүрөк ооруткан жагдай – биздин академиядагы капиталдык ремонттон өткөн жаркыраган кабинеттерибизди бошотуп берүүгө аргасыз болгонубуз. Себеби, мамлекеттик ишканалардын биздин ордубузга көчүп келүүсү, мисалы Борбордун ордуна
КРнын ӨКМнин Токой чарба кызматы бир жылдык мөөнөт менен көчүп келди. Биз азыр Геология институтуна (убактылуу) төрт кабинетке көчтүк, бирок ал жерди дагы башка мекемелерге берет экен деген кат келиптир. Фестивалдын уюштуруу иштери менен колубуз бошобой жаткандыктан, бул маселе толук чечиле элек. Жакында Өкмөттөн келген өкүл менен Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Чолпонкул Арабаев келип Геология институтунун жетекчилиги менен жолугушуу болгон. Келген өкүл сөзүндө: “Салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борбору Маданият министрлигинин карамагына өтүшү керек да” деп айтты. Чолпонкул Исаевич аталган борборду Маданият министрлигине кетирсе илимий-изилдөө иштери жүрбөстүгүн, практика башка, теориялык маселелерди илимий иликтөө ишин жүргүзүү башка экендигин, ансыз деле эгемендүү өлкө болгонубузга 30 жылдан ашса да, салттуу музыканы алып жүрүүчү-залкарларды жазып жетишпей калганыбызды, баарынын көзү өтүп кеткенин, борборду ачууда ар бир чиновникке кирип, “фольклор” эмне экенин, “оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусство” эмне экенин түшүндүрүүгө далалат кылганыбызды айтып берди. Өкүл жигит унчуккан жок, аягы кандай болот, белгисиз, башка жерге көчүрүү эчтеке эмес, жаңы түзүлгөн борбор “жабылып калуу коркунучу бар окшойт” деп чочуп калдым (Кудай сактасын… чуркаган мээнетке эмес, салттуу музыкалык искусствонун келечегине күйгөндүктөн…). Башкысы, совет заманында болбогон илимий-изилдөө борбору, өзүнүн штаттык бирдиги менен уюшулуп калды, эми колдон келсе аны сактап калганга аракет кылыш керек. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө илимпоздордун улуусу 80 жаштан өткөн К.Дүйшалиев агайыбыз бар, эми жаштарды тарбиялаш керек.

– «Рух Санат» фестивалын Кыргызстан үчүн, Орто Азия үчүн, дегеле максаттары менен дүйнөлүк ЮНЕСКОнун конвенцияларына туура келе турган долбоор иш-чара десе болобу?

– «Рух Санат» фестивалы концепциясында белгиленгендей, максаттары ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо (2003) жана Маданий ар түрдүүлүктү коргоо жана өнүктүрүү (2005) конвенцияларына толук шайкеш келет. Бул фестиваль Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин аткарууга, дүйнөлүк маданий диалогду чыңдоого жана аймактык биримдикти бекемдөөгө зор салым кошот. Фестиваль кыргыздын уникалдуу маданиятын, рухунун бийиктигин дүйнөгө даңазалаган маданий көпүрө боло алат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Дүйнөлүк «Рух санат» фестивалынын Уюштуруу комитетинин төрагасы Эдил Байсалов:

— Кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан, ошондой эле «Рух Санат» Дүйнөлүк салттуу маданият жана музыка фестивалын Уюштуруу комитетинин төрагасы катары жергебизде өтүп жаткан Дүйнөлүк «Рух санат» салттуу маданият жана музыка фестивалы менен куттуктаймын!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул сыяктуу эл аралык илимий аянтчалардын маанилүүлүгүн толук түшүнөт жана ар тараптуу колдойт. «Рух Санат» фестивалы, өлкөбүздүн маданий дипломатиядагы имиджин чыңдоого, кыргыздын жана Кыргызстанда жашаган этностордун салттуу музыканы алып жүрүүчүлөрүн жана изилдөөчүлөрүн эл аралык деңгээлге көтөрүүгө чоң салым кошот деп ишенет.

Салттуу музыка жана бий боюнча эл аралык кеңештин (ICTMD) президенти Тан Суи Бенг (Малайзия):

— Урматтуу окумуштуулар, изилдөөчүлөр жана ардактуу коноктор!

Сиздерди Салттуу музыка жана бий боюнча эл аралык кеңештин (ICTMD) атынан чын жүрөктөн куттуктайм. “Рух Санат” Дүйнөлүк салттуу маданият жана музыка фестивалына катышуу мен үчүн чоң сыймык. Мындай уникалдуу фестивалды уюштурган Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине, эң башкысы долбоорду колдогон Өлкө Башчысы С.Жапаровго ыраазычылыгыбызды билдиремин. Салттуу музыка жана бий боюнча эл аралык кеңеш (ICTMD) өткөн кылымда негизделгенден бери салттуу музыка жана бий терең изилдөөгө көмөктөшүүгө жана окумуштуулар менен маданият кызматкерлеринин ортосунда дүйнөлүк билим жана тажрыйба алмашууну колдоого умтулуп келет. Бүгүнкү күндө биз бул процесстин жаңы этабына күбө болуудабыз, уникалдуу маданий тажрыйбага негизделген изилдөөлөр илимий коомчулуктун бир бөлүгү болуп, анын авторлору маданий мурастарды сактоо боюнча дүйнөлүк дебаттардын активдүү катышуучуларына айланууда.

Салттуу маданиятты жана искусствону изилдөө жана сактоо ишин улантып жаткан бардык изилдөөчүлөргө, окумуштууларга жана маданият кызматкерлерине ICTMDнын атынан терең ыраазычылык билдирем.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев:

— Урматтуу  «Рух Санат» фестивалынын катышуучулары, коноктор, маданият ишмерлери! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин атынан «Рух Санат» Дүйнөлүк салттуу маданият жана музыка фестивалына кош келиңиздер демекчибиз! Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун колдоосу менен өтүп жаткан Дүйнөлүк «Рух Санат» фестивалы – бул улуттук иденттүүлүктү сактоого, кыргыз элинин «Манас» эпосу баштаган шедевр өнөрлөрүн дүйнөгө таанытууга багытталган, өлкөнүн маданият саясатына толук шайкеш келген масштабдуу долбоор болуп эсептелет. «Рух Санат» фестивалы, кыргыздын жана Кыргызстанда жашап жаткан этностордун салттуу маданиятын жана музыкалык искусствосун дүйнөлүк аренада көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берген иш-чара катары коомдун руханий-адеп дареметинин өсүшүнө салым кошуп, эл аралык байланыштарды чыңдап, тынчтык, достук идеяларын даңазалоо менен маданий кызматташтыкты бекемдейт. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тескемесине ылайык дүйнө элинин этно-маданий мурастарын кыргыз жергесине чогултууга жана Ысык-Көлдү салттуу маданият, музыкалык искусство ишмерлерин бириктирген эл аралык борборго айлантууга белсенген «Рух Санат» фестивалы ар эки жылда өтүп турмакчы. Өлкөбүздүн маданий туризмин өнүктүрүүгө жана Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга  салымын кошо турган  Фестиваль, эл аралык брендге айланат деген үмүттөбүз!

Маданият – Түрк дүйнөсүнө көпүрө

Дүйнөлүк «Рух Санат» фестивалын колдоого алган Түрк  маданияты жана мурасы фондунун төрайымы Актоты Райымкулова менен кыска маек:

Фонд 2012-жылы түрк дүйнөсүнүн бай маданиятын, мурасын жана көп кылымдык тарыхын сактоо, изилдөө жана эл аралык аренада жайылтуу үчүн, Азербайжан Президенти Илхам Алиевдин демилгеси менен Казакстан, Кыргызстан жана Түркия мамлекет башчыларынын колдоосу менен түзүлгөн.

— Актоты айым, «Рух Санат» фестивалынын уникалдуулугу жана Фонд үчүн мааниси эмнеде?

— Биз Дүйнөлүк «Рух-Санат» салттуу маданият жана музыка фестивалынын өнөктөшү болдук. Себеби маданият элдерди бириктире турган универсалдуу тил. Бул фестиваль жөнөкөй маданий иш-чарадан алда канча жогору турат – ал маданияттар аралык диалог, өз ара байланышты искусство аркылуу байытуу жана ар кыл өлкөлөрдүн, өзгөчө түрк цивилизациясынын өкүлдөрүнүн ортосундагы чыгармачылык алаканы тереңдетүү үчүн жандуу аянтча болуп саналат.

Түрк Маданияты жана Мурасы Фонду үчүн «Рух Санат» өзгөчө мааниге ээ, анткени ал Түрк дүйнөсүнүн иденттүүлүгүн калыптандырган руханий жана маданий коддорду кайра жандандырууга жана жаңы муундарга өткөрүп берүүгө көмөктөшөт. Бул фестивалды колдоо менен биз маданияттар диалогун чыңдап, материалдык эмес мурастын күчүн ачып, анын келечекте туруктуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзөбүз деп ойлойм. «Рух Санат» долбоору боюнча Роза Аманова атайын Бакуга келип кеткен. А киши жетектеген Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борбору менен фонд Кызматташуу келишимине кол койгонбуз. Буйруса, бул фестиваль кызматташтыктын башталышы деп ойлойбуз.

Зулпукаар Сапанов