"Эркин-Тоо"

Роза АМАНОВА Түрк дүйнөсүнүн чолпон жылдызына айланды!

Өнөр сересинде

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Роза Аманова кыргыз журтуна «Өнөр өргөөсүндө 35 жыл» аттуу юбилейлик концертин тартуулап, эки күндүк чыгармачылык кече дүркүрөгөн аншлаг менен өттү. Комузчу, дастанчы, обончу катары элге таанылып, көп кырдуу таланттын ээси болгон Роза Аманованын юбилейлик концертине Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Түркия, Тува, Якутия сындуу түрк тилдүү мамлекеттердин чыгаан таланттары катышып, элге болуп көрбөгөндөй ырахат тартуулашты. Кыргыз маданиятынын күзгүсү катары чагылышкан чыгармачылык кечеге коомчулук менен бирге мамлекеттик жетекчилер, кыргыздын аттуу-баштуу инсандары, жазуучу-акындар, маданият ишмерлери күбө болуп, жагымдуу маанайга бөлөнүштү.

 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек ЖАПАРОВ:

— Биринчиден, элдин назарына илинген, эл сынынан өткөн кыргыздын мыкты кыздарынын бири – искусство таануу илимдеринин доктору, профессор, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Казакстандын эмгек сиңирген артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти Роза Амановнаны 50 жашка чыгышы менен куттуктайм! Экинчиден, өзүнүн чыгармачылык жолундагы «Өнөр өргөөсүндө 35 жыл» аттуу абдан жогорку деңгээлде даярдалган юбилейлик концертин тартуулады, буга терең ыраазычылык билдирем.

Роза Аманова жагымдуулугу жана уккулуктуулугу менен өзгөчөлөнгөн абазга ээ, Кудайдын назары түшкөн чебер талант жана сүйүктүү устат экени баарыбызга маалым. Элдик оозеки чыгармачылыктагы мурастарыбызды сактоого жана  жайылтууга зор эмгек кошуп, ыр жандуу кыргыз элинин жан дүйнөсүн ойготуп, “Курманбек”, “Сарынжи-Бөкөй” дастандарын ийине жеткире аткарып, угармандарды кайталангыс дүйнөгө жетелеп келе жатат. Улуттук музыкабызга 30 жылдан ашык кызмат кылган Роза Аманова “Мен сени сагынгым келет”, “Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо”, “Алматыга бараткан кыз”, “Ата-эне кадырын ким билет”, “Убактыңды ушунча аядыңбы”, “Жүрөктү жалын чырмады”, “Эстей жүр” сыяктуу мыкты ырларды кыргыз элине тартуулады. Тарыхтын барактары боюнча да эстен кеткис кайрыктарды жаратып, сталиндик репрессия боюнча “Кылым дастаны”, 2010-жылдын 7-апрель курмандыктарына “Энелердин ыйы”, 1916-жылдагы Үркүнгө карата “Кайран эл”, ошондой эле “Курманжан датка”, “Замана” ж.б. ырлары элибиздин мурасына айланды. Азыр Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде кадырлуу устат катары окуучуларына күүлөрдү үйрөтүп, чыгармачыл топторду түзүп, жүздөгөн таланттарды чыгарып жатат. Мен Роза Амановнанын ишине ийгиликтерди, өзүнө чыӊ ден соолук, узак өмүр жана чыгармачылык эргүүлөрдү каалаймын.

 

Кыргыз Республикасынын Баатыры Апас ЖУМАГУЛОВ:

— Роза Аманованын чыгармачылыгынын 35 жылдык юбилейлик отчетук концертин көрүп, абдан куштар болдук. Эң жогорку деңгээлде даярдаптыр, буга көптөгөн айлар бою эмгектенгени көрүнүп турду. Абдан бийик деңгээлде өттү. Мааниси да, саясий жагы да мыкты болду. Маданият менен тарыхта басып өткөн жолубузду айкалыштырып, бүгүнкү абалга жеткенибиз көз алдыбызга тартылды. Кыргыз маданиятын бийик деңгээлге көтөрө турган чыгармачыл кече болду. Залдын жасалгасы, эстетикалык көрүнүшү эле өзгөчө ойлорго чулгады. Эң башкысы, концерттин мааниси терең болуп, биринчи бөлүгү бизди таң калтырды. Улам кийинкисин күтүүсүз шаң кошуп, биринен-бири бийик деңгээлде аткарышты. Биздин маданиятыбыз бийиктегенин ушул концерттен көрдүм. Роза отчеттук концертинде өзүнүн бийик деңгээлге чыкканын тастыктады. Өзү эле төрт тилде ырдады. Бул чоң эмгек. Көптөгөн өлкөлөрдөн коноктор келип, Союзга белгилүү кишилер куттуктады. Алардын атын угуп эле Розанын кадыр-баркы канчалык экенине баа берсе болот. Розага мындан аркы дагы чыгармачылык ийгилик каалайм, өркүндөп өссүн. 35 жыл деген абдан көп убакыт, узун жол. Бирок, бул кишинин мүмкүнчүлүгү абдан кенен экен, дагы көптөгөн чыгармаларды жаратышына тилектешмин.

 

Кыргыз Республикасынын Баатыры, академик Миталип МАМЫТОВ:

 

— Кыргыздын чолпон жылдыздай жаркыраган таланттуу кызы Роза Аманованын 35 жылдык юбилейлик концерти абдан жакшы концерт болду. Башкаларга окшобогон, өзгөчө уюштурулуптур. Жасалгалары да жок жерден таап алгандай болуптур. Элдик ырлары бизге жогорку деңгээлдеги эмоцияны тартуулады. Мен билгенден Роза Аманова салттуу музыканы бийик деңгээлге көтөргөн саналуу кыздардын бири. Абдан чоң эмгек жумшап, кыргыздын салттуу ырларын бийик деңгээлге көтөргөнгө аракет кылып жүрөт. Концерти баштан-аяк жандуу үн менен өттү. Түрк тилдүү мамлекеттердин атактуу ырчылары келип коштоп, Роза Аманованын белгилүү ырларын ырдашты. Кыргыздын таланттуу кызына мындан аркы чыгармачылык эргүүнү каалайм.

 

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор Тамара ЖАМАНБАЕВА:

— Азыркы заманда маданият деген рухий кенч жашайт, буга кичинекей эл да, чоң өлкөлөр да салымын кошкон. Кыргыз Республикасынын Эл артисти, профессор Роза Асановнанын концертинде адамзаттык рухий дүйнөсү күчтүү, башкага баш бербеген жеңилбес касиети тартууланды. Концертте байыркы кыргыздардын оозеки чыгармалары жаңырып, улуу кыргызга, Чыңгызга арналган ырлар, учкул ойлор, насаат ырлары, казак күүлөрүнөн попури, Курманбек эпосунан үзүндү, алтай-тыва, түрк-өзбек, казак тилдеринде чыгармалар эң жогорку деңгээлде “Маржан” тобу менен аткарылды. Роза Асановнанын чыгармачылык жолу 15 жашында башталып, педагогдук кесипти аркалоо менен бирге калайык калкка жаккан обондорду жаратып, кыргыз музыкасына чоң салым кошуп келе жатат. Автордун лирикалык-патриоттук ырлары обондуулугу менен айырмаланат. Өрнөктүү өмүр сүргөн ар бир инсандын жашоосу чындыгында эле айтып түгнөгүс санат эмеспи. Бар болуңуз, арыбаңыз, эл сыймыгы болгон Роза Асановна! Өмүр сапарыңыз узак болсун.

 

Кыргыз Республикасынын мурдагы Премьер-министри Феликс КУЛОВ:

— Кыргыздын таланттуу кызы Роза Аманованын чыгармачылык юбилейинин белгиленип жатканына чын жүрөктөн суктанганымды билдирбей коё албайм. Концерттеги бардык аткарылган чыгармалар сонун болду. Өзгөчө биринчи бөлүк мен үчүн күчтүү таасир калтырды. Анда тектеш элдердин фольклордук номерлери аткарылып, Роза алардын ар биринде солист болгону баарыбызды таңдантты. Мындайча айтканда, анын улуу талантынын башка жактарын ачып берди. Бул укмуштуудай жана адаттан тыш көрүнүш болду. Сөз жетпеген эмоциялар тартууланды. Концерттин алдында башка өлкөлөрдөн көптөгөн артисттер чакырылганын угуп, Розаны аягында ырдайт окшойт дегем. Бирок, мен күткөндөй болбой, баштагандан аягына чейин өзү ырдап, баары терең ойлонулган, масштабдуу, кызыктуу жана адаттан тыш уюштурулган болуп чыкты. Мындан Роза Аманованын чыгармачылыктан тышкары, уюштуруучулук жөндөмүнүн жогорку деңгээлде экени байкалды. Роза айым шаблондон жана бузук схемалардан алыстап, музыкалык маданиятка жаңы дем алып келгенин көрүп, өзгөчө сезимге бөлөндүм. Роза Амановага жалаң чыгармачылык ийгилик каалайм.

 

Кыргыз Республикасынын мурдагы Премьер-министри Амангелди МУРАЛИЕВ:

— 1997-жылы Роза Аманованы биринчи концертин Ошто уюштурганда алгачкы жолу көргөм. Ош обладминистрациясы жардамдашып концерт элге абдан жаккан. Ошондо эле Розанын таланты, өзгөчөлүгү, келечеги кенен экендиги менин көзүмө ачык көрүнгөн. Андан бери бир топ жыл өтүптүр, жакында 35 жылдык отчеттук концертин берди, абдан жогорку деңгээлде өттү. Концерттин эң башкы өзгөчөлүгү түрк тилдүү элдин салттуу музыкасынын, ырларынын жаңырганында болду. Розанын мыктылыгы маданият менен илимди эриш-аркак алып жүргөндүгүндө экенин айта кетпесем болбойт. Юбилейлик концертинде түрк тилдүү элдердин ырларын, дастандарын аткарып, кыргыз, казак, өзбек, хакас, тува, каракалпак, алтай элинин салттык музыкасын даңазалады. Өзүнүн илимпоздугун концерттин түзүлүшү менен далилдеди. Салттуу музыканы жогорку деңгээлге чыгарып, бийиктикке жеткирди. Розанын ишине ийгиликтерди каалаймын!

 

Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Бекен НАЗАРАЛИЕВ:

— Мен Роза Аманованы “Кыргыз руху” гезитинде иштеп жүргөн кезимден бери билем деп айтсам болот. Андан бери нечендеген жылдар өттү. Бүгүнкү күндө Роза Аманова деген ысым Ала-Тоо жергесинде гана эмес, мухиттей чалкыган казак туугандарыбыздын дархан талаасындай кең мейкиндикти эбак эле багындырып, ушул чакта бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн чолпон жылдызына айланды деп айта алам. Өзгөчө, жакында улуттук филармониянын чоң залында “Өнөр өргөөсүндө 35 жыл” аттуу чыгармачыл кечеси эки күн аншлаг менен өттү. Роза Аманованын чыгармачыл кечесине коңшу Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Түркия, Тува, Якутия жергесинен да белгилүү ырчылар келишип, Бишкек шаарынын салттуу музыка сүйүүчүлөрүн кубанычка бөлөп кетишти. Бул чыгармачыл кечеси менен Роза Аманова чындыгында эле түрк дүйнөсүнүн чолпон жылдызы экенин дагы бир ирет далилдей алды. Көрсө, элибиз концерттерде, тойлордо фонограммаларды уга беришип, “жылдыз” болгон ырчылардан эбак эле тажашкан экен. Биздин көрүүчүлөр жандуу үн менен ырдаган салттуу музыкага суудай суусап калыптыр, чаңкаганын жазышты. Айтылуу, Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов бекер жеринен Роза Аманованы атактуу Мыскал эжеге салыштырбаган экен. Казак менен кыргыз элине кеңири таанымал болгон Роза Рымбаева өзүнүн концертин таштап коюп Роза Аманованын кечесине келип ырдап бергени эле аны баалагандыгы эмеспи. Султан Раев: “Сиздин ысымыңыз түрк дүйнөсүндө кеңири белгилүү жана ордуңуз бар” деген жогору баа берүү менен ТҮРКСОЙдун эң башкы сыйлыгы болгон “Алтын” медалын тапшырганы да – Роза Аманованын чыгармачылыгына берилген баа деп билем.

 

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сагын НИЯЗАЛИЕВА:

— Элибиздин таланттуу кызы Роза Аманованы 15 жашынан билем, ошол күндөн бери экранга тартып келе жатам. Биринчи жолу келгенде эле өрүк комузду кол ойното чертип, ырдап чыкканда бизди абдан таң калтырган. Бат эле аты чыгып элге таанылды. Улам репертуарына жакшы ырлар кошулуп жүрүп отурду. Ошол жылдары “Аргендей үнү угулат” деген бейнесин тарткам. Роза тырышчаактыгы, жасайм дегенин жасай билген көктүгү, эмгекчилдиги менен бүгүнкү ийгиликтерди багындырды. Талыкпаган эмгектин артында азыркы мамлекеттик сыйлыктарга жетти. Отчеттук концерти чанда кездешкен концерттин бири болду. Таланттуу адамдар, чет мамлекеттен келген меймандар өзгөчө шаң кошту. Жаңы форматта жасалгаланып, фонограмма жок, жандуу үн менен тартууланды. Ар бири ыры кынтыксыз аткарылып, эл кетпей кол чаап турду. Буга чоң даярдык, талыкпаган эмгек керек.

Роза Аманованын Улуттук телеканалга кошкон салымы да чоң. “21-кылым жылдыздары”, “Сармерден” берүүлөрүнө тынбай катышты. Дастан абдан татаал жанр болгондуктан, бир эле учурда 3-4 комуз күүлөп коюп аткарган учурлары болду. Салттуу музыка майрамы да Розанын гана эмгеги деп билем. Миң кырлуу талант. Үй-бүлөдө балдарды тарбиялап, чыгармачылык менен иштеп, анан университетти башкарып, ага катар илим жактаганына таң калам. Розага жалаң ийгиликтерди каалайм. Чоң максаттары бар, ошолордун баары аткарылышына тилектешмин.

 

Обончу Түмөнбай КОЛДОШОВ:

— Роза Аманова деген ысым Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардан тартып жарк этти. Чыгармачыл адам өзүнүн өнөр жолун сахнага чыккан күндөн баштап эсептейт. Ал эми угарман журту анын элге таанылган, атын чыгарган ырынан баштап билет. Демек, Роза эже 30 жылдан ашуун убакыттан бери чыгармачылык менен алектенип келе жатат. Роза эженин чыгармачылыгына келгенде, беш тоого салыштырып карашыбыз керек. Биринчиси, дастанчылык өнөрдүн алып жүрүүчүсү катары. Экинчиси, обончулук, эженин бир топ мыкты обондору бар. Үчүнчүсү, эженин илимий ишмердиги. Искуство илимдеринин доктору наамын алган, профессор даражасына жеткен, салттуу музыканы илилдеген саналуу илимпоздун бири. Төртүнчүсү, эженин жетекчилик жана менеджерлик сапаты. Роза эже бүгүн Евразия университетинин, Медицина университетинин ректору. Чоң жамаатты жетектеп келе жатат. Эл аралык байланыштарды чыңдап, өзүнүн университетине жана мамлекеттин бюджетине киреше алып келүүдө. Бешинчиси, эженин энелик бактысы. Уул-кыз тарбиялап, үй-бүлөнүн очогун жандырып, кутун сактаганы мактоого татырлык. Жакында чыгармачылыгынын 35, өзүнүн 50 жылдыгына карата эки күндүк концерт койду. “Өнөр өргөөсүндөгү” деген отчеттук концерти жогорку деңгээлде өттү. Эженин иштей турган, эргий турган, шакирт тарбиялай турган шык-жөндөмүнүн баары алдыда деп эсептейм.

 

 

 

Зулпукаар САПАНОВ

№91 “Эркин-Тоо” гезити

2023-жылдын 17-ноябры

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!