"Эркин-Тоо"

Рубль, доллар кымбаттады

Бүгүн, 18-декабрга карата АКШ доллары жана рубль курстары сомго карата кымбаттады. Ал эми евро, теңге нин куну  арзандады.

Бүгүн эртең менен Бишкектеги алмашуу пункттары долларды орто эсеп менен 86,86 сомдон сатып алып, 87,35 сомдон сатышууда. Улуттук банктын номиналдык курсу — 87 сом (өсүү — 0,01 пайыз).

Евро сомго карата арзандаган. Бүгүн аны орто эсеп менен 90,79 сомдон сатып алып, 91,79 сомдон сатышууда. Расмий курс — 91,2587 сом (түшүү — 0,22 пайыз).

Рубль кайрадан кымбаттаган. Бүгүн Бишкектеги алмашуу пункттарында аны 0,834 сомдон сатып алып, 0,869 сомдон сатышууда. улуттук банк бекиткен курсу — 0,844 сом (өсүү — 0,21 пайыз).