"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Маданият

«Рух Санат» фестивалынын алдында эл аралык жолугушуу өттү

Үстүбүздөгү жылдын 31-июлунда Бишкекте, «Ынтымак Ордо» резиденциясында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Рух Санат» дүйнөлүк салттуу маданият жана музыка фестивалынын алдында Салттуу музыканын эл аралык кеңешинин президенти Тан Суи Бенг менен жолугушту. Жолугушууга Казакстандын маданият ишмери Дүйсен Касеинов жана фестивалдын уюштуруучусу, эл артисти Роза Аманова да катышты.

Тараптар салттуу музыканы сактоо, изилдөө жана жайылтуу жаатындагы келечектүү кызматташууну, академиялык алмашууларды жана биргелешкен экспедицияларды уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Эске сала кетсек, «Рух Санат» фестивалы 1–3-августта Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт.