"Эркин-Тоо"

Руслан Казакбаев Түркиянын Билим берүү министри менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Руслан Казакбаев Түркия Республикасынын Улуттук билим берүү министри Юсуф Текин менен жолугушту.

КР ТИМдин маалыматына ылайык, билим берүү тармагында кыргыз-түрк кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, Ван провинциясынын Улуу Памир айылына кыргыз тили жана адабияты, музыка жана элдик кол өнөрчүлүк мугалимдерин жиберүү, ошондой эле билим берүү тармагында кызматташу боюнча протоколду макулдашуу процесси талкууланды.

Элчи Руслан Казакбаев Түркиянын «Маариф» фондунун Кыргызстандагы билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгүн  белгилеп, өлкөнүн бардык аймактарында кошумча мектептердин ачылышына ишенимин билдирди. Ошондой эле, кыргыз тарап түрк тараптын тажрыйбасын эске алуу менен кыргыз-түрк кесиптик лицейлерин ачууга кызыкдар экенин билдирди.

Министр Ю.Текин билим берүү тармагындагы биргелешкен долбоорлорду алдыга жылдырууга даяр экенин айтып, түрк тарап кыргыз тарап сунуштаган маселелерди кароого даяр экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жакынкы аралыкта министрликтердин жетекчилеринин Кыргызстан менен Түркияга өз ара иш сапарларын өткөрүү боюнча макулдашты.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!