2023-жылдын 1-августунда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Р.Казакбаев Түркиянын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар менен жолугушту.
Р.Казакбаев Кыргызстандын жаратылыш байлыктарына токтолуп, тактап айтканда түрк компанияларынын алтын өндүрүүгө инвестициялары тууралуу сөз кылды. Ал ошондой эле Кумтөр компаниясы тууралуу маалымат берип, жаратылыш ресурстарын казып алуу тармагында иштеген түрк компанияларын көбүрөөк тартууну кааларын билдирди.
Жолугушуунун негизги темасы Кыргызстандагы чакан жана орто ГЭСтерди курууга инвестиция тартуу жаатында кызматташуусу болду. Элчи Казакбаев Кыргызстандын гидроэнергетика тармагындагы потенциалына токтолду. Буга байланыштуу ал Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн түрк компанияларын тартуу менен саясий колдоо көрсөтүүгө чакырды.
Элчи ошондой эле иштеп жаткан «CASA-1000» жана башка энергетикалык долбоорлорго токтолуп, электр энергиясын башка өлкөлөрдүн рынокторуна сатуу мүмкүнчүлүгүн белгиледи.
Министр Алпарслан Байрактар Кыргызстан менен энергетика тармагындагы кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, чакан жана орто ГЭСтерди куруу биргелешкен долбоорлор үчүн жакшы негиз боло аларын баса белгиледи. Ошондой эле жаратылыш ресурстары тармагында кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тиешелүү министрликтердин жетекчилеринин Кыргызстан менен Түркияга өз ара иш сапарларын өткөрүү боюнча макулдашты.