Руслан Жакышов Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп шайланды

3-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 322

Бүгүн, 3-июнда өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын (БШК) жаңы курамына сунушталган талапкерлер каралып, добуш берүүнүн жыйынтыгында сегиз талапкер мүчөлүккө шайланды.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпуев мамлекет башчысы тарабынан сунушталган Алмаз Айбалаев, Русланбек Жакышов, Миргүл Темирбаева жана Бөдөш Мамырова боюнча маалымат берди.

Ал эми парламенттеги «Эл Үмүтү – Ата-Журт» депутаттык тобу талапкер катары Тынчтык Шайназаровду көрсөтсө, «Ала-Тоо» жана «Ишеним» депутаттык топтору Сүйүнбек Касмамбетовдун талапкерлигин сунуштады.

Ошондой эле «Ынтымак – Мекенчил» депутаттык тобу Лейла Лурованы, ал эми «Элдик» депутаттык тобу Тимур Оторбаевди талапкер катары көрсөттү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Алмаз Айбалаев, Русланбек Жакышов, Миргүл Темирбаева, Бөдөш Мамырова, Тынчтык Шайназаров, Сүйүнбек Касмамбетов, Лейла Лурова жана Тимур Оторбаев Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрү болуп шайланышты.

Алардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Русланбек Жакышовдун БШКнын жаңы курамына кириши коомчулуктун көңүлүн бурду.

3-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 322
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X