"Эркин-Тоо"

Рысбай Исаков 124 саат манас айтып «Гиннестин» рекорддор китебине катталды

Түркиянын Бурса шаарында өтүп жаткан “Манас жумалыгынын” алкагында Кыргыз Респбуликасынын эмгек сиңирген артисти Рысбай Исаков манас айтуучулук багыты боюнча дүйнөлүк «Гиннес» китебине 124 саат убакытка манас айтуу боюнча катталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, аага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касамбетов, “Түрксой” эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Бурса шаарынын мэри Алинур Акташ, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, манасчылар жана коомчулук катышты.
Дүйнөлүк «Гиннес» китебине катталгандыгы тууралуу расмий маалыматты Бүткүл дүйнөлүк
Гиннесттер китебинин Түркия жана Борбор Азия мамлекеттери боюнча өкүлү тастыктап, ага Гиннестин күбөлүгү тапшырылды. Анда аталаган багытта катталууда Гиннес тарабынан бекитилген талаптарды сакталгындыгы айтылды.
Иш- чарада эл алдына түрк, казак жана кыргыз манасчылары манас айтып, майрамдык маанай тартуулады.
Эске салсак, аталган “Манас жумалыгы” Кыргыз Улуттук “Манас” театры жана “Түрксой” эл аралык уюму тарабынан “Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын” жана “Бурса шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” долбоорлорунун алкагында өткөрүлгөн алгачкы иш- чара болуп калды.
Иш- чаранын алкагында “Түрксой” эл аралык уюмунун бир катар сыйлыктары жана белектери менен түрк дүйнөсүнүн маданиятын өркүндөтүүгө кошкон бар катар инсандары сыйланды.
Эскерте кетсек, Рысбай Исаков манас айтууну 22-сентябрда саат 19:00 дө баштап, 28-сентябрга караган түнү саат 3тө жыйынтыктаган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!