Республикалык Кыргыз күрөш федерациясынын жана Эл аралык Кыргыз күрөш федерациясынын президенти Рыскелди Шамиев Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезининин “Эл сыймыгы” сыйлыгы менен сыйланды.
Рыскелди Шамиев улуттук кыргыз күрөшүн жайылтуу жана кастарлап сактоодо көп эмгек кылып, талыкпаган ишмердүүлүгү менен айрмаланып келет. Мындай иш аракеттердин натыйжасында бүгүнкү күнү 20 дан ашык мамлекетте Кыргыз күрөш федерациясынын филиалдары иштейт. 2019-жылы Кыргыз күрөшүнүн тарыхында алгачкы жолу Азиянын ачык чемпионаты өткөрүлгөн. Рыскелди Шамиев Федерациянын жетекчиси катары келе жаткан 2023-жылы улуттук кыргыз күрөшүн жайылтуу боюнча чоң спорттук иш-чара өткөрүү алдында турат. Андыктан “Эркин-Тоо” гезити Рыскелди Шамиевди “Эл сыймыгы” деп тапты.