"Эркин-Тоо"

Рыскул Боромбаев Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп дайындалды

Рыскул Боромбаев Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Жаңы дайындалган директорду эмгек жамаатка Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тааныштырды.

Министрдин орун басары эмгек жамаатка ынтымак каалап, алдыда жасала турган иштер арбын экендигин белгилеп, жаңы жетекчиге алдыдагы жоопкерчиликтүү ишине ийгиликтерди каалады.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!