"Эркин-Тоо"

Рыспай Абдыкадыров эскерилди

Кечээ, 12-январь акын жана композитор Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карата Ош шаарында бир катар эскерүү иш-чаралары болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерүү иш-чараларына Ош шаарынын мэриясынын, президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, чыгармачыл инсандар, жазуучулар, Ош облустук филармониясынын жамааты, журналисттер, окуу жайлардын өкүлдөрү жана жарандар катышты. Эгер ырдын пири атанган Рыспай Абдыкадыров тирүү болгондо 81 жашка чыкмак эле. Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда туулган. 1994-жылы 12-сентябрда көз жумган. Маркум Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 200дөн ашык ырдын автору.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!