Сүйүнбай Эралиев – кыргыз поэзиясынын тирүү классиги

Ырга айланган өмүр

Өзүнүн поэзиясына элди бөлөгөн Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиев тууралуу сөз кылсак. Адабият дүйнөсүндө уникалдуу талант сейрек кездешет, бирок ага ээ болгон адамдар сөзгө өлбөс өмүр берип, анын жардамы менен миңдеген жүрөктөрдү багындыра алышат. Алардын катарын толуктаган Сүйүнбай Эралиев да колунда калеми бар адам эле. Ал сөздүн күчү менен элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан акын. Кичи мекени – Талас районунун Үч-Эмчек айылында 1921-жылдын 15-октябрында жарыкка келген. Эгер көзү тирүү болгондо улуу акын 100 жашка чыкмак. Акындын эмгек жолу Талас облусунун аймактык басылмаларынан башталган. 1944-1951-жылдары Талас облустук «Лениндик туу» гезитинде жооптуу катчы, республикалык «Кыргызстан пионери» гезитинде жооптуу редактор болуп иштеген. 1955-жылы КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектепти аяктаган. 1959-1965-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун катчысы болуп иштейт. Ал эми 1965-1967-жылдары Москва шаарындагы Жогорку адабий курстардын студенти, 1967-1984-жылдары республиканын Жазуучулар союзунун консультанты, 1984-жылдан тарта Кыргыз акындар ассоциациясын жетектеген. Жаш акындын адабий дебюту 1939-жылы болуп, анын биринчи ырлар жыйнагы 1949-жылы «Биринчи жаңырык» деген алгачкы поэзия жыйнагынын артынан анын «Туулган жер» китеби жарык көрөт.

Көрүнүктүү кыргыз жазуучусу Ч.Айтматов С.Эралиевдин акындык талантын дайыма баалап: “Сүйүнбай Эралиев — чыгышка салттуу лирика-эпикалык стилдеги улуу акын. Ал бүтүндөй Орто Азиядагы түрк тилдүү адабиятта өзүнүн образдуу ыргагы бар эркин ыр формасына биринчилерден болуп кайрылган. Сүйүнбай Эралиев – кыргыз поэзиясынын тирүү классиги», -деп айткан.

Согуш темасы негизги орунду ээлеген

1959-жылы акындын «Ак-Мөөр» поэмасынын басылышы кыргыз поэзиясынын тарыхындагы чоң окуя болгон. Дал ушул поэма тарыхый темада жазылган. Анын чыгармаларында туулган жерине болгон сүйүүнү да ыр менен даңктаган. Туулуп өскөн айылы дайыма жүрөгүндө жашап, мекенге болгон сезимин — «Жаштык», «Эски үй», «Мекениме келгенде» деген сүйүү ырларында чагылдырган.

С.Эралиевдин жазган ырларынын маңызы философиялык мааниде. Ал «Мезгил», «Жылдар», «Күндөр», «Чалдын кеңеши», «Жакшылык кыл» жана башка көптөгөн ыр саптарында адам жашоосунун маанилүүлүгүн сүрөттөгөн. Ал эми С.Эралиевдин чыгармачылыгында аскердик тема негизги орунду ээлейт. Дал ушул согуш жөнүндөгү ыр саптары менен орус тилинде «Жер убактысы», «Күн эстелиги» китептери жарык көргөн. Мындай эмгектери менен Сүйүнбай Эралиев Улуу Жеңишке, өлкөнүн келечегине урмат-сыйын билдирген. Согуш күндөрүндөгү кандуу кармашты, көптөгөн жоготууларды баштан кечирип, сезимтал жана назик жүрөгү аркылуу өткөргөн. Колундагы куралын калемге алмаштырган акын батыштагы кан кечкен күндөрдү китеп бетине сүрөттөп калтырган.

Ал өзү жаш кезинде фронтко кантип баргысы келгенин: “Ал жаш кезде патриоттук сезим менен, он алты жашар бала фронтко барып, душмандарды жеңүү тилегим эле. Акыры менин тилегим орундалып, 1942-жылы 18 жашка толгондо кан күйгөн согушка чакырышты. Фронтко аттангандарды Кара-Балтага алып келип, ал жерде аскердик машыгуудан өтө баштадык. Чатырлардан куралган лагерде жашаган бардык жоокерлерге бирден ат берилди. Ат жалында чоңойгон кишиге жылкы кароо ырахат тартуулаган», — деп эскергени бар.

Сүйүнбай Эралиевдин чыгармачылыгындагы согуш темасына көп кайрылчу: «Согуш талааларында катуу салгылашуулар болуп, жоокерлер өмүр менен өлүм ортосунда мекен үчүн күрөшкөн. Талкаланган үйлөр, өлтүрүлгөн адамдар, үйлөрдүн урандылары жана өрттөлгөн адамдардын күлү дагы эле көз алдымда. Өзгөчө орус айылдарынын бири Княжий Клинде эч эсимден кетпейт. Пулемёттун, миномёттин үнүн угуп, снаряддын жарылганын көрүп өмүрүң кылдын учунда экенин сезесиң. Ошентип Панфилов дивизиясынын 316-артиллериялык полкуна которулуп, 1944-жылы жарадар болуп, II топтогу майыптык менен тылга кайтып келдим».

С.Эралиев А.Твардовскийдин «Василий Теркин» деген ырын эне тилине которуу менен аскердик темага чоң маани берди. Ал поэзия жазуу менен гана чектелбестен, башка акындардын ырларын  эне тилине которуу боюнча мыкты иштерди жасаган. Көркөм сөздүн чебери С.Эралиев А.Пушкиндин, М.Лермонтовдун, Р.Тагордун, Р.Рождественскийдин, С.Есениндин, А.Твардовскийдин, М.Турсун-заде, Э.Межелайтис, Ф.Шиллер  жана башка көптөгөн акындардын  которуп, поэзия дүйнөсүн байыткан.

Архив чыгармачылыгын чагылдырган тасма документтерге бай

КРнын Мамлекеттик кинофото документтер архивинин фонду С.Эралиевдин өмүрүн жана чыгармачылык ишмердүүлүгүн чагылдырган документтерге бай. Архивде акындын чыгармачылыгына тиешелүү «Сенин күнүң — Республика» даректүү тасмасы, «Сүйүнбай Эралиев — Эл акыны» тасма документи жана башка сүрөттөрү сакталган. Тасма документинде Кыргызстандын Эл акыны Сүйүнбай Эралиев кеңседе чыгармачылык менен иштегени жана студенттерге ыр окуганы жазылган. Ал эми саундтректерде акындын радио журналисттер менен болгон маеги жазылган. Алсак, радиодо «Поэзия учкул канатым» программасында журналист Тенти Орокчиев менен Сүйүнбай Эралиевдин жашоо, поэзия тууралуу 35 мүнөттүк маеги сакталган. Мындан сырткары Архивде анын жаркын элесин жана ишмердүүлүгүн чагылдырган ар кандай фотосүрөттөр бар.

Эмгегин баалаган сыйлыктар

Акындын талантын жана кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө кошкон зор салымын баалап, С.Эралиевге 1974 -жылы «Кыргызстандын эл акыны» деген ардактуу наам берилген. 1981-жылы акын А.Фадеев атындагы Бүткүл союздук сыйлыкка татыктуу болгон. Ал эми «Кыштак кечтери» жыйнагы менен Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болду. 1998 -жылы акын Жамбул атындагы эл аралык адабий сыйлыкка, 2000 -жылы элдердин достугун чыңдоого кошкон эбегейсиз салымы үчүн Казакстандын эл аралык  «Алтын көпүрө» сыйлыгы ыйгарылган. Ал чет өлкөлөрдөгү көптөгөн адабий форумдарга катышып, кыргыз жана советтик поэзияны бир нече жолу тартуулаган. Мындан сырткары Достук ордени, Улуу Ата Мекендик согуштун биринчи даражасы, III жана I даражадагы Манас ордендери, Ардак грамоталары жана көптөгөн медалдар менен сыйланган. 2006 -жылы Сүйүнбай Эралиевге Кыргыз Республикасынын Баатыры деген ардактуу наам берилген.

Анын чыгармалары дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулган, 25тен ашык ырлар жана поэмалар жыйнагынын автору. Акындын көп жылдык эмгеги кыргыз поэзиясына көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү алып келип, жаңы ритм күүлөрү менен байыды. Мына ушунун аркасында анын чыгармачылыгы кыргыз адабиятында олуттуу барак болуп калды.

БМА КФФДнын архивчиси Кудрявцева Оксана

Сүрөттөр КРнын Борбордук кинофотофонодокументтер архивинен алынды.

Вставка изображения в HTML код страницы
Альтернативный текст
error: Content is protected !!