Бүгүн, 15-майда, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов кызматынан кетүү үчүн Президент Садыр Жапаровго расмий кайрылуу жасаганын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
“Мен 2025-жылдын 8-апрелинде 65 жашка чыктым. Кырк үч жыл мамлекеттик кызматта иштедим. Мыйзамды туу тутуп, үлгү көрсөтүп орунду бошотуп жатам. Жаңы адамдар келсин!” – деп жазган Касмамбетов.