Сүлүктү ШИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери, милициянын аймактык тескөөчүлөрү жана балдар менен иштөө инспекторлору Сүлүктү шаарында «Камкордук» жана «Экстремист» аталышындагы алдын алуу иш-чараларын өткөрүп жатышат. Алар А.Кайымкулов, И.Бектемиров жана Т.Рустамов атындагы орто мектептеринин окуучулары менен жолугушуп, жашы жете электердин арасында кылмыштуулукту, зордук-зомбулукту жана экстремизмди алдын алуу боюнча лекцияларды окушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Маектешүүлөрдүн алкагында диний экстремизмге азгырылгандардын, зомбулук жана башка кылмыштарды жасагандардын жоопкерчилиги тууралуу окуучулардын узаткан суроолоруна милиция кызматкерлери жооп беришип, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жөнүндө кенен түшүндүрмө беришти.
Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы