СҮРӨТ — Нарында 15 жаштагы карындашына болушкан бала арматура менен сабалды

Нарында бир топ адамдар 15 жаштагы карындашына болушкан жаш жигитти арматура менен сабап салышкан. Соттук-медициналык экспертиза анын денесинен жеңил жаракат алган деген бүтүм чыгарганын укук коргоочу Назгүл Турдубекова билдирди.

«Мындай ачык-айкын ишти Ички иштер министри жеке көзөмөлүнө алыш керек. Милиция кызматкерлеринин кадрдык потенциалы төмөн, коррупция болгон жерде кылмыштуулук күч алууда. Эне баласынан ажырап кала жаздады. Буга чейин Нарын шаарынын өспүрүмдөр жана жаштары суранып келишкен. Аларды рэкетчиликтен жана зордук-зомбулуктан коргоого жардам бергиле. Нарын аймагындагы азыркы криминалдык кырдаал үчүн ким жооп берет?”,-дейт укук коргоочу.

Вставка изображения в HTML код страницы
Альтернативный текст
error: Content is protected !!