"Эркин-Тоо"

Сүрөтчү Тажыгүл КҮНТҮЗ: “БЕШИКТИ ТЕРМЕТКЕН КОЛ, ДҮЙНӨНҮ ТЕРМЕТЕТ”

Кыргыз эли илгертен кыз баланы урматтап, сыйлап, кадырлаган. Башка үйдүн очогун улай турган кыргыз кызы сыпайылыгы, маданияты жана акылы менен өзгөчөлөнгөн. Сүрөт өнөрүнө жаңычылдык алып келген Тажыгүл айым 2012-жылы Бишкек жана Ош шаарларында көргөзмө уюштуруп, дал ушул кыргыз айымдарынын портреттерин элге тартуулайт. Сүрөтчүнүн колунан чыккан эмгектер келген элдин купулуна толуп, мактоого арзыган. Сулуулугу суктандырган кыргыз айымдарын жөн гана тартып койбостон күмүш жасалгалар, кездемелер менен кооздоп, сүрөткө жан киргизген Тажыгүл Күнтүз гезитибиздин коногу болуп, кызыкка бай жан дүйнөсү, мекенине болгон сүйүүсү, кыргыз айымдарын тартуу себеби жана башкалар тууралуу маек куруп берди.

Түркияда төрөлгөн кыргыз кызы

Мен Түркиянын Кония шаарында төрөлдүм. Орто жана жогорку билимди ошол өлкөдөн алдым. Атам менен апам кыргыз. Чоң атам Парпи Өзгөн жергесинде туулган. Ал киши динибиз, маданиятыбыз өзгөрүп кетпесин деген тилекте катылгандын катыгын берген корбашы болуп, өмүрүн, жаштыгын согушка арнаган экен. Кийин корбашыларга куугунтук болгондо 17 жыл Пакистандын Кара-Чий шаарында “Орустар кеткен соң мекенге кайтабыз” деген тилекте жашаптыр. Чоң энем ошол жерде каза болгон экен. Орустар кыргыз жеринен кетпегендиктен Түркиядан түрк тектүүлөргө чакыртуу келип, өзбек, уйгур, казак элин чогултуп, бирге жол тартышат. Ошентип 1954-жылы Кония шаарына көчүп келет. Конияны тандаганынын себеби, аккан суусун, бак-шагын, буудайы өскөн талаасын өзүнүн Өзгөн шаарына окшоткон экен. Мен атамдын тун кызымын. Менден кийин 3 иним бар. Атам туулган жерибиз, тегибиз, тарыхыбыз, кыргыз жергесинин жаратылышы, эли жөнүндө айтып берип жатып, кичине кезимден эле жүрөгүмдө мекениме болгон сүйүү пайда болгон. Ошол себептен атама “Бир күн келип, Кыргызстанга бара турган болсоң, мени дагы ала барчы” деп көп айтчумун.

Кыргыз элин чагылдырган сүрөтчү

Сүрөттү бала кезимден тарта баштап, өнөрүмдү калтырбай улантып жүрдүм. Мектепте болобу, жогорку окуу жайда болобу, кийин турмушка чыкканда дагы сүрөт тартып олтура бергенимден дос-курдаш, жакындарымдын бардыгы искусствого болгон ажырагыс жакындыгымды байкашып, таң калышар эле. Өзүмдүн эки кыз, бир уулум бар. Чүрпөлөрүм эс тартып, кичүүм 3 жашка толгондо сүрөтчүлүк өнөрүмдү улантып кетиш үчүн искусство багытындагы окууларга бара баштадым. Алгач пейзаж жана натюрморт тартып, эмгектеримдин аркасында көргөзмөлөрдү уюштурууга жетиштим. Бирок жылдар бою “Кыргызстаным үчүн эмне иш жасай алам?” деген ой жан дүйнөмдү түйшөлтүп жүрө берди. Колумдан келген иш – сүрөтчүлүк. Демек, жараткан эмгектерим аркылуу мекенимди дүйнөгө таанытуу менен маданият, тарыхыбыздын кандай бай, улуу экендигин чагылдырсам туура болот деген чечимге келдим. Эгер пейзаж тартсам, көз жоосун алган табиятыбызды келиштире тарткан сүрөтчүлөрүбүз көп, натюрмортто да ошондой. А мен кыргыз айымдарынын портретин тартуу аркылуу мекенимди сүрөттөсөм жакшы болорун ойлодум. Эң алгач, музейден келген кыргыз оюулары жөнүндөгү кичинекей китепченин көчүрмөсүн алып, эки кызымды олтургузуп, атамдын элибиз, маданиятыбыз жөнүндө айтып бергендерин эске алуу менен кыял-чабытымды кошуп, кыргыз айымынын портретин жаратканым эсимде. Кыргызстан жөнүндө жылдап тарыхый булактарды, улуттук оймо-чиймелерибиз тууралуу маалыматтарды топтоп, анан гана ишенимдүү кирише баштадым. Кийин улуу элди жөнөкөй гана портрет менен сүрөттөп коюш жарабай тургандыгын туюп, сүрөттөрүмө кыргыз кол өнөрчүлүгүнө тиешелүү болгон жасалгаларды кошууга өттүм. Азыркыга чейин улуттук кийимдерибиз, оюулардын колдонулушу, саркечтик боюнча маалымат, жаңылыктарды чогултуп, окуганды улантуудамын.

Кыздар кыялымда пайда болушкан

Сүрөттөрдү көргөн башка улуттар биринчи кезекте канга сиңген табигый сулуулукту, тагылган күмүш сырга, шакек, шуру-мончоктордон кылымдарды карыткан кыргыз элинин байлыгын, кыздардын жылмаюусунан меймандостугун, курч көздөрүнөн сүрүн, баатырдыгын көрө алат, айланасындагы жасалгалардан, колдонулган өңдөрдөн кенчтей баа жеткис, муундан-муунга сакталып келе жаткан кол өнөрчүлүгүбүздү, каада-салтыбызды көрүшсүн деген максатта эмгектеримди тартуулайм. Көргөзмөмө келген коноктордон “Чындыгында жакшы чагылдырыптырсыз. Демек, кыргыздар ушундай эл турбайбы!” деген сөздөрүн угуп, максатым ишке ашып жаткандыгына ичимден ары толкунданып, ары кубанып калам. Эмгектеримдеги кыргыз айымдар менин окуганым, угуп-билгеним, көргөнүмдүн аркасында кыялымда пайда болушкан.

“Эмне себептен аял кишини тартасыз, эмне себептен эркек адам эмес?” деп сурагандар жок эмес. Менин оюмча бир улуттун күч-кубаты, сыймыктанары – аял-эне. Түрктөрдө “Бешикти терметкен кол, дүйнөнү терметет” деген сөз бар. Ымыркай кезибизден баккан мээримдүү эне назик көрүнгөнү менен кайраттуу келет. Ал бир улутту бийиктикке көтөрө турчу да, жогото турчу да күчкө ээ. Ошол себептен сүрөттөрүмдө элдин элеси, күч-кубаты, сезимдери катары айымдарды чагылдырам.

Аруу тилектин орундалышы

Чоң атам 1968-жылы каза болгондо атам Кыргызстандагы туугандарыбыздын кабарын билейин деген максатта, эски араб тамгасы менен отуз уулдан чыккан теңгизбайлардан экендигибизди, чоң атам Өзгөндүн Жаңы-Талап айылында төрөлүп өскөндүгүн кабарлап, “Парпи Ажынын туугандарына тийсин” деген дареги жок кат жөнөтөт. Кат Кыргызстанда жоголбостон 1 жыл жүрүп, акыры атамдын бир тууган эжесинин колуна тиет. Чоң атамдын кайтыш болгондугун угуп ыйлап, кат тааныган молдодон араб тамгасында эжем бизге жообун салат. Ошентип 2 жылдай кат алышып жүрүшөт. Советтер Союзу мезгилинде Кыргызстанга келмек түгүл, кат алышуу бир топ кыйын эле. Күндөрдүн биринде Анкарадагы Орусиянын элчилигине кызы менен бара тургандыгын айтып, атам кайрылат. Бизден башка кишилер дагы кетүү үчүн кат жазышкан экен, бирок 1 жылдан кийин жалгыз гана атам менен мага чакыруу кагазы келген. Ошентип, 1997-жылы көп жылдан бери эңсеген каалообузга жетип, Кыргызстанга келдик. Бул жерде 3 ай жүрдүк. Атамдын “Кыргыз тилин үйрөнүп, кириль тамгасы менен жазганды өздөштүрүп ал” деген кеңеши менен кыргызчаны үйрөнүп калдым.

Тил – улуттун байлыгы

Туугандарыбыз менен баарлашып, өз жеримде, өз тилимде сүйлөгөн, бейкапар жашаган ошол 3 ай жашоомдогу эң бактылуу күндөрүм болду. Кетпейин десек апам менен бир туугандарым Түркияда калып, бизди күтүп жүрүшкөн. Акыры кетүүгө аргасыз болдук. Анын үстүнө ал заманда узак убакыт жүрүүгө уруксат берилбейт эле. Ошентип, Түркияга кайтып бардык. Жылдар бою кыргыз тилинде сүйлөгөн жокмун. Биротоло унутуп калдым, эми баарлаша албайм деп ойлогом. Бирок 1991-жылы Кыргызстан эгемендүүлүк алып, дипломатиялык иштер жандангандан кийин Түркияга окууга келген кыргыз студенттерин мейманга чакырып, сүйлөшө баштадым. Көрсө, тилимди унутпаптырмын. Балдарым кичинекей кезинде бүтүн кыргыз элинин баары апамдын бир тууганы деп ойлошчу экен (күлүп). Чындыгында эле менин улутумдагы бардык эл менин жакын тууганым деп билем. Мен кыргыз болуп төрөлгөнүмө сыймыктанам. Кыргызстан – менин байлыгым, руханий дүйнөм, чыгармачылыгым… Эгер кыргыз болуп жаралбаганымда, булардын баары болбойт эле. Ушул жерден мени кейиткен бир көйгөйдү кошо айта кетким келет. Азыркы учурда жаш-карысы дебей күнүмдүк жашоодо көбүрөөк кыргыз тилине эмес, орус тилине басым жасап сүйлөшөт экен. Кыргыз тилибиз бар үчүн эгемендүү, көз карандысыз мамлекетибиз бар. Эмне үчүн андагы элдер тилибизди кадырлап, жоголуп кетишинин алдын алып, өз эне тилинде сүйлөшпөйт?

Чет жерде жашаса да жүрөгү ар дайым кыргыз деп соккон, ичтеги өлкөгө кызмат кылуу каалоосун таланты менен айкалыштырып, таасирдүү эмгектерди жаратып келе жаткан Тажыгүл айым өңдүү мекенчил инсанды көргөндөр бир жагынан төбөсү көккө жете кубанса, бир жагынан жан дүйнөсүндөгү мекенге болгон сүйүүсү күч алып, кубаттанат…

Алтынай Нурдинова

Пример HTML-страницы