Жакында Кытайда «Жалпы өнүгүү үчүн медиа кызматташтыкты бекемдөө» аттуу ири форум болуп өттү. Ага дүйнөнүн 76 өлкөсүнөн 205 ММК өкүлдөрү, Кытай бийлигинин жетекчилери, ири компаниялары, банктары катышты. Форумда Кыргызстандын атынан «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин башкы редактору Наралы АСАНБАЕВдин сүйлөгөн сөзүн сунуш кылабыз.
Урматтуу айымдар жана мырзалар!
Алгач ушул форумда сөз сүйлөө мүмкүнчүлүгүн түзүп бергениңиздер үчүн уюштуруучуларга терең ыраазычылыгымды билдиремин.
Бүгүнкү күндөгү глобалдык өзгөрүүлөр жалпы адамзаттын аң-сезимине сыйбаган кырдаалды жаратууда. Идеялардын кагылышы, ири державалардын пикир келишпестиги, экологиялык катастрофалар, кеңири таралган терроризм, экстремизм, диний фанатизм дүйнөлүк коомчулукту тынчсыздандыра турган абалга алып келүүдө. Мындай көрүнүш бардык өлкөгө өзүнүн таасирин тийгизери талашсыз. Ошондуктан, бир пикирге келүү менен бирге өнүгүүнүн прогрессивдүү жолун тандоо учурдун талабы болуп турат. Мында албетте, медия кызматташтыктын ролу өтө маанилүү.
Ушундан улам, оболу сөз эркиндиги тууралуу өз пикиримди билдирүүнү туура көрүүдөмүн. Анткени, бул тема маалыматтык коопсуздук менен түздөн-түз байланыштуу экени талашсыз. Ал эми медиа кызматташууда маалыматтык коопсуздук маселеси башкы орунда турушу зарыл. Бүгүнкү күндөгү замандын көйгөйүнө айланып бараткан сөз эркиндиги бүткүл адамзаттын кызыкчылыгына дал келиши кажет. Учурда медиа индустриянын структурасы түп-тамырынан бери өзгөрүлүп, санариптештирүү жана маалыматташтыруу мезгилин баштан кечирип жатабыз. Жаңы жана виртуалдык мейкиндиктер жашообуздун бардык тармактарына кирип жатат. Салттуу маалымат каражаттары (басма журналдар, гезиттер, телекөрсөтүү жана радиолор) маалымат рыногунда күчтүү атаандашууга туш келүүдө. «Жаңы медиа» коомдун жашоосунда барган сайын көрүнүктүү ролду ойной баштады, бирок ошол эле учурда терс таасирин тийгизип жатканын моюнга алышыбыз керек.
Интернет биздин жашообуздун ажырагыс бөлүгү болуп калды. Керек болсо салттуу маалымат каражаттарынын ордун алмаштыруучу мүнөзгө ээ болду. Бирок, алар тагыраагы, интернет-блогерлер жана башкалар маалыматты чогултууда, иштеп чыгууда жана таратууда бир жактуулукка жол беришкен учурлары кездешет. Ал тургай социалдык түйүндөр “фейк” маалыматтарды таратуучу куралга айланды. Бул албетте, маалыматтык коопсуздук үчүн опурталдуу көрүнүш. Себеби, социалдык түйүндөрдөгү саясый чакырыктар өлкө ичине бүлүк салып, кагылышууларга алып келгени дагы жашыруун эмес. Дагы бир көйгөйлүү маселе, маалыматты башкарууда монополист тараптар пайда болууда. Алып көрсөк, WhatsApp, Instagram, Messenger жана жаңы Threads сыяктуу бардык Meta тиркемелеринин жана платформаларынын ай сайын чогуу алган аудиториясы 3,88 миллиард адамды түзгөнү айтылат. Бул дүйнө калкынын дээрлик жарымын түзөт. Ал эми жогоруда сөз болгон тиркемелердин кожоюну бир эле адам. Демек, маалыматтык башкаруу бир эле жарандын колуна өтүп калганын айгинелейт.
Эми “фейк” маалыматтарга келели. Анткени, медиа кызматтыштыкты бекемдөөдө ишеним биринчи орунда турушу кажет. Бул багытта Кыргызстанда кандай иштер жүрүп жатат? Акыркы жылдарда маалыматтык саясатты жөнгө салуу боюнча “Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча журналисттердин, Өкмөттүк эмес уюмдардын, мамлекеттик тиешелүү мекемелеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда жаңы мыйзам долбоору жазылууда. Анда бардык тараптын пикири эске алынууда. Такталбаган жана жалган маалымат менен күрөшүү үчүн коомчулук биригиши керек деп эсептейм жана биригүүгө чакырамын.
Урматтуу жыйындын катышуучулары!
Салттуу маалымат каржатынын өкүлү катары айтарым, гезит-журнал, телекөрсөтүү, радио коомчулукта тынчтыкты жана стабилдүүлүктү камсыз кылууда орду өзгөчө экенин баса белгилегим келет. Кытай бийлиги салттуу ЖМКлар маалымат рыногунда калуусу үчүн көп иштерди жасап жатканы бизди суктандырбай койбойт. Чынында эле салттуу медианын жаңы технологияларга, жаңы платформаларга интеграцияланышы учурдун талабы болуп турат. Ушундан улам, маалымат таркатуу жаатында кызматташууну өнүктүрүүгө, дүйнөлүк массалык маалымат каражаттарынын эл аралык адилеттүү тартибин калыптандырууга басым жасалышы керек. Андыктан, ар түрдүү пикирлерге жооп таап берген дал ушундай медиа форумдардын өткөрүлүп турушу зарыл.
Кытай-кыргыз маалыматтык кызматташуусу эл аралык долбоорлорду ишке ашырууда бирдиктүү маалымат мейкиндигин түзөт деген ишенимдемин. Биздин Кытай өлкөсүнөн үйрөнө турган, сабак ала турган нерселерибиз көп. Анткени, Кытай Кыргызстандын негизги инвестору десем жаңылышпаймын. Акыркы жылдарда энергетика, жол-инфраструктура жана башка тармактарда Кытай мамлекетинин каржылык колдоосу менен ири долбоорлор ишке ашырылып жатат. Ошондой эле маданий-гуманитардык колдоо көрсөтүүдө дагы Кытай сап башында келет. Кытайдын экономикасында колдонулуп жаткан алдыңкы технологиялар, инвестицияны пайдалануудагы мол тажрыйбалар, электрондук соода жана башка кошуна өлкөнүн спорт жана маданияты тармагындагы жетишкендиги дүйнөлүк коомчулукту кызыктырат. Кыргызстан менен Кытайдын эл аралык маселелер боюнча көз караштары дал келгендиктен, өз ара түшүнүшүү жолу менен иш алып баруу өз жемишин берет. Мындай шартта маалымат каражаттарынын ролу өзгөчө. Ушундан улам, медиа кызматташуу өлкөлөр ортосундагы маданий алакаларды тереңдетүүгө, эки тараптуу мамлекеттер аралык мамилелердин социалдык негизин чыңдоого өбөлгө түзөт.
Урматтуу айымдар жана мырзалар!
Улуттук баалуулуктарды сактоо, ар бир өлкөнүн кызыкчылыктарын сыйлоо менен бирге жалпы өнүгүү үчүн медиа кызматташтыкты бекемдөөгө артыкчылык берүү зарылдыгын мезгил ырастап турат. Бүгүнкү пикир алышуу жаңыдан өнүгүү жолуна түшкөн жаш Кыргыз мамлекетинин медиа тармагынын замандын талаптарына жооп берген сапатка чыгышына түрткү болору талашсыз.
Учурдан пайдаланып, баарыңыздардын ишиңиздерге ийгиликтерди каалап кетмекчимин. Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат.