Ушул аптада Президенттин Аппараты тарабынан демилгеленген “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча депутаттар бир пикирге келе алышпай арсар абалда турат. Чын эле мыйзам долбоору быша электир. Бирок, учурдагы маалыматтык коопсуздуктун алкагында алып караганда аталган мыйзамдын сунуш кылынып жатышы мыйзамченемдүү көрүнүш. Сөз эркиндиги – чоң жоопкерчилик. Ошондуктан, бул маселеге кылдат кароо кажет.
Менимче, аталган мыйзам долбоорунун негизги максаты — электрондук маалымат каражаттарын мыйзамдуу жолго салуу. Маалымат таратуу жаатында иштеген журналисттерди каттоодон өткөрүү маселеси коюлуп жатыптыр. Мындай демилгеге өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, тагыраагы чет элден каржыланган тарап каршы. Алар “сөз эркиндиги басмыраланып жатат” деген дооматтарды коюшуп, ошону менен бирге ЖМКлар жөнүндөгү кабыл алынуучу мыйзамды өткөрбөй коюууга аракет кылышып, чет жактагы кураторлоруна кайрылып өлкөгө басым жасатууну көздөгөнү байкалат.
Азыр дүйнөдө маалыматтык “согуш” жүрүп жатат. “Ким маалыматка ээ болсо, ал – дүйнөнү башкарат” деген сөз бүгүн өзгөчө актуалдуу. А насилинде, маалыматтык коопсуздук өлкө үчүн экономикалык коопсуздуктан маанилүү. Мамлекет мына ушул жаатта туруктуу саясатын иштеп чыгышы кажет. Президенттик администрация тарабынан Жогорку Кеңешке сунуш кылынып жаткан ЖМКлар жөнүндөгү мыйзам долбоору учурдун көгөйлүү маселесин жөнгө салуучу маанилүү документ десек жарашат. Буга депутаттар кайдыгер карашы мүмкүн эмес. Анткени, ЖМКлар жөнүндөгү 1992-жылы кабыл алынган мыйзам моралдык жактан эскирип бүттү. Ал учурда Интернет-ресурс, веб-сайт деген түшүнүк жок эле. Бүгүнкү күндө маалыматтын дээрлик баардыгы электрондук түйүндөр аркылуу таркатылууда. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда интернет-ресурстарын жөнгө салуу, веб-сайттарды каттоо жана кайра каттоо маселеси коюлуп жатыптыр. Мунун неси жаман? Чет өлкөдөн грант алган тараптар неге чычалашат? Мунун бир гана сыры бар. Анткени, алар чет жактан агылып келген каржы булактары билинип калат деп коркушат окшойт.
1992-жылы кабыл алынган ЖМКлар жөнүндө мыйзамда деле юридикалык тарап, кесиптик ишмердүүлүгү боюнча каттоодон өтүү талабы бар болчу. Маселен, Юстиция министрлигинен жоопкерчилиги чектелген коомун (ЖЧК) каттасаң, ЖЧКнын алдында гезит ачкан адам өзүнчө күбөлүк алчу. Ошондуктан бул талап жаңылык эмес.
Бирок, өзүн эркин журналист сезишкен айрым маалымат таратуучу тараптар бул мыйзамга баш ийбей келишкени маалым болду. Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыковдун айтканына караганда, 24 кg, govori.tv, kloop.kg, kaktus.media, Temirov LIVE жана башка маалымат таратуучу тараптар юридикалык жак, же коомдук уюм болуп катталганы менен өз ишмердүүлүгү боюнча күбөлүк алышпаптыр. Аталган маалымат булактары талап кылган сөз эркиндиги үстөмдүк кылган өлкөдө, албетте, мыйзамдуулук сакталышы кажет. Эмнегедир, бул маселе аларды кызыктырбагандай.
Мына ушул эле көз карандысыз журналист, блогер деп аталгандар ар түрдүү фонддордон, уюмдардан жана башка гранттык каражаттарды алып келишкени жөнүндө Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде кеңири маалымат берген. Алсак, жалпысынан kloop.media, «Медиахаб», kaktus.media, «ПолитКлиника», factcheck.kg, T-Media маалымат агенттиктери жана башкалар жыл сайын чет элдик донорлордон 600 000 АКШ долларынан жогору өлчөмдө гранттык каражаттарды алып турган экен. 2017-жылдан 2020-жылга чейин Демократияны колдоо боюнча улуттук фонду кыргызстандык БӨУларга, журналисттерге жана блогерлерге 8 471 614 АКШ долларын которуптур. Сөз эркиндигине жамынган дооматтын төркүнү ушул жакта болуп жүрбөсүн? Бул гранттык каражаттар сөз эркиндиги, медиа коомчулукту колдоо, көз карандысыз журналистиканы өнүктүрүүгө жумшалбай – бийликти жаман көрсөтүү, мамлекеттик бийликти каралоо, коомдун тынчын алуу, конституцияга каршы чакырык кылуу жана жалпысынан улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан жалган маалыматтарды таратуу саясаты жүргүзүлүп жатканын Өлкө башчысы баса белгилеген.
Бул маселенин бир жагы. Экинчи жагы айталы. Маалыматтык коопсуздук маанилүү экенин жогоруда сөз кылдык. Бүгүнкү күндө интернет-ресурстарынын дээрлик баардыгы өзүнүн маалыматын Фейсбуктагы баракчасы аркылуу таратып келишет. Мына ушул жерде маселе бар. Кечээ жакында эле Инстаграм, Whatsapp жана Фейсбук социалдык түйүндөрү кирген “Мета” компаниясынын башчысы Марк Цукерберг социалдык түйүндөрдөн балдары жабыр тартты делген ата-энелерден кечирим сурады. Цукербергден башка “Мета”, TikTok, Snap, X жана “Дискорд” сыяктуу социалдык түйүндөрдү иштеткен технологиялык компаниялардын жетекчилери сенаторлордун суроолоруна төрт сааттай жооп беришти. Мына окурман, цивилизациянын туу чокусуна жетти деген Америкада социалдык түйүндөр маселе жаратууда. Алардын депутаттары тынчсызданууда. Республикачы-сенатор, Сенаттын Юридикалык комитетинин мүчөсү Линдси Грэм социалдык түйүндөрдү “адам өмүрлөрүн алып, демократиянын өзүнө коркунуч жаратып жатат” деп айыптады. Бул маселе бизде жокпу? А балким, мыйзамды өркүндөтүп, мына ушуга окшогон опурталдуу маселелердин алдын алуу азыр депутаттар үчүн өтө маанилүүдүр!
Социалдык түйүндөрдөн жаш балдар эле эмес, коом жабыр тартышы мүмкүн. Себеби, бүгүнкү күндө Инстаграм, Whatsapp жана Фейсбук социалдык түйүндөрү кирген Марк Цукербергдин империясы дүйнөнү каптап кетти. Мына ушул жерде америкалык актер Саши Коэндин, «Биз 2,5 миллиард адам иче турган сууну бир адамдын башкаруусуна жол бербейбиз. 2,5 миллиард адам пайдаланган электр жарыгын бир кишинин башкаруусуна жол бербейбиз. Эмне үчүн биз бир адамга 2,5 миллиард адамдын маалыматын башкарууга уруксат беребиз? Фейсбук император эмес, муну мамлекет жөнгө салышы керек», — деп жазганын эстедим. Калетсиз айтылган сөз.
Цукербергдин империясы мамлекеттин саясый ишмердүүлүгүнө түздөн-түз таасирин тийгизип жатат. Керек болсо, бир түндө саясый өзгөрүү жасап коюуга кудурети жетет десек болот. Мындай көрүнүш маалымат коопсуздугу үчүн кооптуу эмеспи?
Маалыматтарга назар таштасак, 2022-жылдын декабрына карата Фейсбуктун аудиториясы 2,96 миллиард колдонуучуну түзүптүр. Бул эми сайтка айына бир жолудан кем эмес киргендер же белгилүү бир убакыттын ичинде «Like» баскандар экен. 2011-жылдын октябрында сайттагы баракчаларды көрүүлөрдүн саны 1 триллионду түзсө, 2015-жылы сайттагы видео көрүүлөрдүн саны күнүнө 8 миллиардга жетиптир. Ал эми Instagram
2010-жылдын 6-октябрында негизделгенден бери эң көп колдонуучулары бар социалдык тармактардын бири болуп калыптыр. Анын кызматынан күн сайын жарым миллиард адам колдонот экен. Платформанын дүйнө жүзү боюнча ай сайын 12,8 миллиарддан ашык активдүү колдонуучулары бар дейт маалыматта. Datareportal маалыматына ылайык, 2023-жылдын октябрында WhatsApp дүйнө жүзү боюнча ай сайын 2 миллиард активдүү колдонуучуга ээ болуптур. Бул WhatsAppты дүйнө калкынын болжол менен 24,8% колдонот дегенди билдирет. WhatsAppты дүйнөдөгү интернет колдонуучулардын 33,33% ай сайын колдонот экен.
Америкалык актер Саши Коэндин сөзүндө жан бар бекен. Бар, албетте. Бул көрсөткүчтөр жылдан-жылга көбөйүп баратканы талашсыз. Анын ичинде Кыргызстанда социалдык түйүндөргө азгырылгандардын саны күн санап арбып баратат. Бул маселе эмеспи? Өтө көйгөйлүү маселе. АКШнын сенатын түйшөлткөн маселеге, кыргыз парламенти көңүл буруп койсо артыкбаш болбойт.
Абсолюттук эркиндик болбойт. Чет жактан доллар менен ири суммада каражат алып, өзүн “эркин журналистмин” дегендерге ким ишенет? Ошондой эле Фейсбукта бийликти жактаган тарап блогерлерди акча төлөп жалдап иштеткени дагы ачыкка чыгышы керек. Маалымат саясатында баарына бирдей эреже болушу кажет. Мыйзамдуу түрдө каттоодон өтүп иштөө талабы үстөмдүгүн жүргүзүшү шарт. Ансыз, башаламандык жоюлбайт. Жоопкерчилик болбойт. Американын Сенатынын Юридикалык комитетинин мүчөсү Линдси Грэм социалдык түйүндөрдү демократияга коркунуч келтирип жатасыңар деген сөзүн унутпайлы.
Шекербек КАЛЫКОВ
№13 «Эркин-Тоо» гезити
2024-жылдын 16-февралы