"Эркин-Тоо"

Сөз эркиндигине жамынгандардын тилеги эмнеде?

Баарыбыз билгендей, буга чейин Президенттер өзүнчө каада күтүп, элден обочолонуп келишкен. Өлкөдөгү орчундуу окуялар, кайгылуу кырсыктар катталганда эл арасына басып бармак турсун, үн катчу эмес. Бир эле мисал, алыс барбай Дача-СУдагы учак кырсыгын карасак, 39 мекендешибиз көз жумганда Мамлекет жетекчиси барбай койгон. Эли-журттун үнүн да уккан эмес. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, мына бүгүн Өлкө жетекчиси саясий окуя, майда-чүйдө кырсыктарга гана эмес, бирөөнүн үйү бузулса да чуркап жетип кабар алып жатат. Буга миң мертебе шүгүр дешибиз керек. Акыйкатты көрө билип, чындыкты кеп кыла жүрүшүбүз абзел.

Айтайын дегенибиз, Президент Садыр Жапаров мурдагы жетекчилердей жашынып жатпастан, колунан келишинче элге жакын болууга аракеттенүүдө. Анын бири катары, ар дайым пикирин ачык билдиргенин айтсак болот. Мурдагы жетекчилердей төрт, беш айда берилген бир маек менен чектелбей, керек болсо күн сайын өз ою менен бөлүшүүдө. Бул алкоого арзый турган мыкты сапат экен айтып коюшубуз керек. Ушул жумада эле «Кабар» агенттиги менен эки маек курду, анын бирөөсүндө сөз эркиндиги жана адам укуктарынын сакталышы боюнча сөз кылды.

Президент кыргыздар илгертен сөз эркиндиги менен жашап келген эл экенин, аны чектөөгө болбостугун, ага эч качан жол берилбестигин айтып, бирок “сөз эркиндиги” деген терминге жамынып алып биздин менталитетибизге, салтыбызга, табиятыбызга туура келбеген үгүт иштерин жүргүзгөндөргө тийиштүү чара көрүлөрүн билдирди. “Сөз эркиндиги жок дегендер – “сөз эркиндиги” деген терминге жамынып алып, каалаганын кылып келгендер, сөз эркиндигине жамынып алып өлкөгө бүлүк салууну пландап жүргөн “лжемекенчилдер”. Биз өлкөгө бүлүк салгысы келген андай арам ойлууларга жол бербейбиз”, — деди Садыр Жапаров. Бул абдан туура. Азыр жалган маалымат таратып, кимдир бирөөлөрдүн аброюна шек келтирген учурлар болуп жатат. Ал ооздукталышы шарт.

Ал эми чыныгы сөз эркиндиги менен бийликти сындап, коррупционерлердин бетин ачып, кемчиликтерди айткандарды колдошубуз керек. Аларга эч каршылык боло элек. Мамлекет башчысы да “Андай жардам бергиси келген жарандарыбыз интернет аркылуу же Бишкектеги М.Горький аянтында каалашынча айтып, кайрылуу кыла беришсин” деди. Алар мыйзам бузган чиновниктердин бетин ачканга салым кошуп, тазаланганга жардам берип жатышат. Ага эч ким каршы болбойт.

Баары күбө, бизде ким эмнени кааласа сүйлөп жатат. Ойлорун көчөдөн болобу же интернеттен болобу айтып жатышат. Эч ким тыйган жок. Бирок, биз мамлекетти да ойлогонго үйрөнүшүбү керек. Өлкөнүн тынчтыгын буза турган иштерден оолак болуп, коопсуздук маселесинде абайлап сүйлөгөнгө көнүшүбүз кажет. Жергебиздин тынч болгону баарыбызга керек. Анан демократия деп эле оозго келгенди оттой берсек, аягы кейиштүү абалга алып келери бышык. Азыр демократия деген түшүнүктү да кээ бир жарандарыбыз туура эмес багытка колдонуп жатышат. Демократия деп жалган маалыматтарды каалашынча таратуу менен элди башаламандыкка үндөп же чакырык жасашууда. Ошого катар, бирөөгө жалган жалаа жаап коюп, эч нерсе болбогондой жүрө берсек болот деген түшүнүктө жүргөндөргө күбөбүз. Айрым маалымат сайттары да тыкыр иликтеп, чын-бышыгын тактабай туруп эле жалганды чындай кылып чыгарганын көрүп жатабыз. Кыскасы, бизде ушундай кейиштүү жагдайлар абдан арбып кетти. Ошону мыйзамдын алкагында жолго коюшубуз зарыл.

Кызыгы, кээ бирлер чет жактагы анализдерди мисалдап, Кыргызстан адам укугу, сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингде бир тепкичке ылдыйлады дешүүдө. Муну жалган маалыматтар аркылуу коомчулукту коозутуу десек болот. Президент өз маегинде буга да токтолуп: “Дүйнөлүк рейтингди дал ушул сөз эркиндигине жамынган бузукулар түзөт. Эгер биз алардын айткан шарттарын, биздин элибиздин табиятына туура келбеген бузуку саясатын кабыл алып, элибиздин арасына таратып, сиңирип турсак, анда биз адам укугу, сөз эркиндиги жаатында алдыңкы орунга чыкмакпыз. Бизге мамлекетти, элди моралдык жактан бара-бара талкалап жок кыла турган андай биринчиликтин кереги жок”, — деди. Бул калетсиз чындык десе болот. Алардын бузукулукка үндөгөн рейтингинин бизге кыпындай дагы кереги жок.

Чындыгында алардын рейтингинде диверсия жатат. Жасалма рейтинг чыгарып, ага ыплас идеологиясын байлаган сырттагы күчтөр дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө “саясий диверсанттарды” даярдап, активдүү иш алып барганы эч кимге жашыруун эмес. Алар укук коргоо уюму, медиа коом, эркин жана иликтөөчү журналист ж.б. аталыштагы чүмбөттөлгөн “долбоорлор” менен “жең ичинде” иш жүргүзүп келе жатышат. Биздин шыктуу уул-кыздарыбыздын аң-сезимин, ой жүгүртүүсүн өзгөртүп, диверсант кылып тарбиялап, анан өздөрүнүн максаттары үчүн пайдаланышууда.

Анда тарбиялангандар “эркин журналистмин, мекенчилмин” деген түшүнүккө байланып алып, бөтөн саясатты жүргүзүп, сырттан таңууланган идеологиянын “зомбисине” айланып калышууда. Алар мамлекетке кызмат кылгандарды душман катары көрүп, элге жек көрсөтүү багытында иштейт. Азыр “дакансалар”, “кошоматчылар”, “пахтакорлор” деп шыбаганын көрүп жатабыз. Кызыгы, бийликке ким келбесин алар үчүн душман. Карасаңыз, Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, Жээнбеков доорунда дагы ушулар кыйкырган, азыр дагы үнү басыла элек, кийинки президенттин тушунда да боло берет. Булар үчүн ким президент болгону маанилүү эмес, мамлекетти ыдыратуучу саясатын жүргүзө берет. Демек, биз ойлонор, акыл калчар маалга келдик. Ким душман экенин ажырата билелик.

 

Кылычбек КУДАЙБЕРГЕНОВ

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!