"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Сүлүктүдөгү завод мамлекетке кайтарылды

Сүлүктү шаарындагы мурдагы нан заводу мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети маалымдады.

Маалыматка караганда, объект 2000-жылы Жер кодексин бузуу менен ачык аукцион аркылуу менчикке берилип кеткен.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 0,32 гектар аянттагы заводдун аймагы ыктыярдуу түрдө Сүлүктү шаарынын мэриясынын балансына кайра катталды.