2 жылдан бери бөйрөк оорусу менен жабыркап келген актёр Нуржаасын Жумагуловдун операциясы ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу актёр мырза тарабынан маалым болду.
“Кудайга миң мертебе шүгүрлөр. Менде баары сонун. Операция жеңил өттү”, — дейт ал.
Эске салсак, актёр Нуржаасын Жумагуловдун операциясы Түркияда өтүп, апасы донор болду. Учурда экөөнүн тең абалы жакшы экени айтылды.