"Эркин-Тоо"

СҮРӨТ — «Ала-Арча» суу сактагычынынан изделип жаткан 51 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды

«Ала-Арча» суу сактагычынынан изделип жаткан 51 жаштагы жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы тарабынан маалыма болду.
Маалыматка ылайык, 26-августта саат 12:42де «Ала-Арча» суу сактагычынан изделип жаткан 51 жаштагы У.И. аттуу жарандын жансыз денеси ӨКМдин куткаруучулары тарабынан табылды. Каза тапкан жарандын сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди.
Маалым болгондой, 2022-жылдын 24-август күнү 1971-жылы туулган У.И. аттуу эркек киши Ала-Арча суу сактагычына балык уулоого чыгып, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.
Жерине ыкчам түрдө 24-августтан тарта ӨКМдин Аламүдүн райондук жана Бишкек шаардык Куткаруучулары тартылып, издөө иши жүргүзүлдү.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!