"Эркин-Тоо"

СҮРӨТ — Бишкекте адам өлтүрүүгө аракет жасаган шектүү жаран аныкталды

Адам өлтүрүүгө аракет жасаган шектүү жаран аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылы 30-июнда болжол менен саат 01:07 чамасында “102” кызматына Жибек-Жолу жана Буденный көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафелердин биринде жарандар урушуп, бычак менен сайып салды деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда эс алып отурган жарандар урушуп, бири экинчисин бычак менен денесине бир канча ирет сайып салган. Алган жаракатынан улам 1993-жылы туулган Д.Д. аттуу жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-аракеттерин жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган А.Р. аттуу жаранды кармап, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына андан ары чара көрүү үчүн жеткиришкен.

Бул факты Свердлов райондук ИИБгы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!