"Эркин-Тоо"

СҮРӨТ — Миң уккандан, бир көргөн артык… Чоң-Кеминде “Шумкар-Төр” кароол аянтчасы ачылды

2022-жылдын 16-июлунда Чоң-Кеминде Глобалдык Экономикалык Фонддун чакан гранддар программасынын алкагында, “Илбирс” коомдук фондунун колдоосу менен “Шумкар-Төр” жаратылышты коргоочу коомдук уюмунун кароол аянтчасынын ачылышы болуп өттү.

Маалым болгондой, “Шумкар-Төр” коомдук уюму 2013-жылы жергиликтүү активисттердин демилгеси менен жапайы жаратылышты калыбына келтирүү жана сактоо, ошондой эле жергиликтүү флора жана фаунаны коргоо максатында түзүлгөн. Коомдук уюм жалпысынан 20 миң гектар жерди коргоого алган.

Уюмдун активисттери рейдке чыгып жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турушат. Ал эми браконьерлер кармалса, шарттуу түрдө айып пул төлөшөт. Жалпысынан 30дай ок атуучу курал өткөрүлгөн.

Андан сырткары 1 гектар жерге 625 карагай жана 1250 чычырканак отургузуу долбоорлоруна катышып, мерчемдүү жерлерге туз сээп турушат.

Аталган кароол аянтчасында каман, бугу, кара кур, аюу, илбирс, сүлөөсүн сыяктуу жапайы жаныбарлар бар.

Жаратылышты өзү коргоп, башкарып жаткан эл тууралуу “Хранители” аталышындагы даректүү тасма тартылган.

“Шумкар-Төр” кароол аянтчасын куруунун негизги себеби элди жаратылышты коргоого, жапайы жаныбарларга аяр мамиле жасоого көңүлүн буруу. Аталган жайда туристтерге бардык шарттар бар. Тактап айтканда, анда “Боо Жетпес” конок үйүнө келе турчу ар бир турист алдын ала тамактарга буйрутма берсе болот. Андан сырткары, бал аарылардын шоусу, кароол аянтчасына ат менен жаратылыштын коюнунда укмуштуудай кооздукту аралап баруу мүмкүнчүлүктөрү түзүлгөн.

 

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!