"Эркин-Тоо"
Кыргыз Республикасынын Президенти

СҮРӨТ — Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусу башталды

Бүгүн, 21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусу башталды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров №2 мамлекеттик резиденциянын Конгресс-холлунун астында Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин ар бири – Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен учурашты.

Учурашуу жана биргелешкен сүрөткө түшүү каадасы аяктагандан кийин мамлекет башчылары Консультативдик жолугушуу үчүн жыйындар залына өтүштү.

default