"Эркин-Тоо"

СҮРӨТ — Чолпон- Атада Мухтар Ауэзовдун үй музейинин алдына анын бюсту ачылды

Чолпон- Ата шаарындагы Мухтар Ауэзовдун үй музейинин алдына анын бюсту ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, ага Казакстан Республикасынын Президенти Касым- Жомарт Токаев, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын экс- президенти Роза Отунбаева жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышты.

Ачылыштын алкагында Касым Жомарт Токаев ардактуу коноктордун кол тамгасы коюлуучу китепке кол коюп, эки элдин достугун бекемдеген мындай саамалык үзгүлтүксүз улана турганын белгиленди.

Эске салсак, Мухтар Ауэзовдун бюсту жаш скульптор Тамила Маматова тарабынан жасалган.

 

 

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!