"Эркин-Тоо"

СҮРӨТ — Казакстандын музейинде кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү ачылды

Бүгүн, 27-октябрда Астана шаарындагы Казакстандын Улуттук музейинде кыргыз сүрөтчүлөрүн “Кыргызстан түркүн түстүү, көп түрдүүлүк” аталышындагы көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Көргөзмөнү Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Таалайбек Усубалиев жана Казакстан Улуттук музейинин директорунин милдетин аткаруучу Айбек Садыков ачты.

Жалпысынан көргөзмөгө кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн 50дөн ашык эмгектери коюлган. Келген меймандар кыргыз сүрөтчүлөрүнүн колунан жаралган эмгектерге суктанып, алардын көз жоосун алууда.

Учурда Улуттук музей жетекчилиги көргөзмөнү 2022-жылдын 10-ноябрына чейин калтыруу сунуштады. Мындай кадамдар, аталган көргөзмөгө кызыгып келген жарандардын көп болгонудугу менен негизделүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүн президент Садыр Жапаровдун Астана шаарына болгон иш сапары башталды. Иш сапарынын алкагында, ал «Борбор Азия — Европа Биримдиги» лидерлеринин биринчи жыйынына катышып, жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!