"Эркин-Тоо"

СҮРӨТ — «Кудайдын кудурети менен ооруну жеңип жатабыз». Бөйрөгүн алмаштырган актёр Нуржаасын Жумагулов ооруканадан чыкты

2 жылдан бери бөйрөк оорусу менен жабыркап келген актёр Нуржаасын Жумагулов ооруканадан чыкты. Бул тууралуу актёр мырза тарабынан маалым болду.

«Ошентип тагдырдын жазмышына көнүп башка салган сыноону көтөрдүк. Кудайдын кудурети, элибиздин ак батасы, дубасы, апакемдин теңдеши жок энелик сүйүүсү менен кеселди жеңип келе жатабыз. «Дартты берген дабаасын да берет» деген чын экен. Кереметтүү жерден мекендеген кең пейил, боорукер элимдин көмөгү менен эртеңки күнүмдүн жарыгы жарк этип жанды. Ар бириңиздерге терең таазим! Ар бир секунд сайын сиздердин колдооңуздарды сезип турдум. Ошол мага дем болду, жараатыма эм болду.

Чогулган акча толугу менен операцияга жетип кайра дарылануубуз үчүн да керек болгон каражатыбыз бар. Бул акчалар ар бириңиздердин маңдай териңиздер менен табылган жана ак дилиңиздер менен чогулган акча. Ар бириңиздерден Алла Таалам ыраазы болсун. Сиздерге Аллахым эки эселеп берсин.

Атам көрбөгөн жерге келип өмүрүмдүн бүлбүл жанган жарыгын жарыктандырып, шаңына шаң кошуп кетүү мүмкүнчүлүгүн алыптырмын. Операциянын ийгиликтүү өтүшүн камсыздаган бардык алтын колдуу доктурларга таазим кылам! Канча өмүрлөр илгери үмүт менен келип ушул жерден шыпаасын таап кетет. Жараткан бизди да ошол шыпаа табуучулардын катарына кошкон экен. Ошого себепчи болгон ак халатчандарга даңк!

Бүгүн ооруканадан чыктык. Эми август айы көзөмөлдө болуп турабыз», — дейт ал.

Эске салсак, 28-июнда Нуржаасын Жумагуловду колдоо максатында Кыргыз драма театрында кайрымдуулук концерти өткөн. Актёр мырзага апасы донор болору маалым болгон.

17-июлда операция кылдыруу үчүн Түркияга учуп кетип, 21-июлда операция ийгиликтүү өткөн.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!