"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Маданият

Сүрөт окуу жайынын жатаканасы оңдолот

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси менен Семён Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм-сүрөт окуу жайынын жатаканасы текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Мирбек Мамбеталиевдин тапшырмасынын негизинде министрдин биринчи орун басары Самат Надырбеков жатакананын учурдагы абалын жеринен көрүп чыкты. Текшерүүнүн жыйынтыгында жатакананын оңдоп-түзөөгө муктаж экендиги аныкталды.

Министрлик тарабынан бул багытта тиешелүү иштерди баштоо жакын арада пландалып, маселе көзөмөлгө алынары белгиленди.