Сокулук айылында үй өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Сокулук айылынын Тынчтык көчөсүндө жайгашкан №46 турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 11:31де Сокулук райондук №23 ӨКБдан 2 бөлүм тартылып, өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлдү.
Куткаруучулар издөө учурунда 71 жаштагы И.Н. аттуу жаран түтүнгө ууланып жеңил жаракат алган. Учурда кардиология бөлүмүнө жаткырылып, абалы туруктуу.
Ошол эле өрт чыккан үйдөн 2006-жылы туулган К.А аттуу жаран түтүнгө ууланып, каза болгон. Анын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.