"Эркин-Тоо"

СҮРӨТ — Ысык-Көлдө эки бала сууга чөгүп каза болду

Ысык-Көлдө эки бала сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Жети-Өгүз районунун аймагындагы Липенка айылынын тушунда көлгө 2 бала чөгүп кетти деген маалымат түшкөн.

Кырсык катталган көл жээгинде Каракол шаарынын №15 АӨКБнан суучул куткаручуулар тартылды.

Каракол шаарынан 5 куткаруучу, Жети-Өгүз ӨКБнөн 2 куткаруучу көлгө чөгүп кеткен эки баланын денесин болжол менен 18:20 чамаларында таап, ИИМ кызматкерлерине жана туугандарына өткөрүп беришти.

Каза болгон 14 жаштагы Т. А. жана 19 жаштагы Н. И. экөө тең Жети-Өгүз районунун Ырдык айылынын тургундары болгон.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!