"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

Сүрөтчү Чыңгыз ОРМОНБЕКОВ: “Кыргыз дүйнөсү бөксөрбөсө экен деп тилейм”

Чыңгыз Ормонбеков натюрморт жанрында ийгиликтүү иштеп келе жаткан бирден-бир сүрөтчү. Анын Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде көрөрмандардын бүйүрүн кызыткан  “Чыгыш кайрыктары” аттуу жеке көргөзмөсү өттү. “Кышкы терезе”, “Сексенинчи жаз”, “Эски самоор”, “Короо” өңдүү сүрөттөрдөн кыргыздын турмуш-тиричилигиндеги ишенимдерин, каада-салтын, наркын, ата-бабыздан мурас калган көөнө буюм-тайымдарды көрүүгө болот. Көргөзмөдөгү сүрөттөрдөн кыргыз дүйнө таанымы көз алдыга тартылып, кыргыз касиети бир укмуш энергия менен көөдөнүңдө чалкыйт. Кыргыз болуп жаралганыңа толкунданасың…  

— Чыңгыз мырза, эмне себептен көргөзмө “Чыгыш кайрыктары” деп аталды?

— Чыгармаларым кыргыз дүйнө таанымын даңазалоо менен бирге жалпы чыгыш элинин жашоо образын чагылдырган эмгектер болгондуктан “Мелодии Востока” деп орус тилинде койгонбуз. Кайра устатым менен кеңешип кыргыз тилинде эле “Чыгыш кайрыктары” деп атаганды оң көрдүк. Өзбекстандан Самаранын, Бухаранын эски көчөлөрүн, Темирландын кабыры жайгашкан жерди, Шахи-Зинда аттуу жерлерин эмгектеримде чагылдырдым. Учурда өзбек сүрөтчүлөрү менен тажырыйба алмашуу ниетинде чыгармачылык байланышты бекемдеп жатабыз. Быйыл жазында ал жакка төрт сүрөтчү барып эл көрүп, жер кыдырып келдик. Мындай саякаттар сүрөтчүлөр үчүн абдан пайдалуу. Кийинки жылы биз аларды Сары-Челекке конокко чакырып, сый көрсөтөбүз. Аркы жылы алар бизге Хива шаарын көргөзүүгө ниет кылып жатышат.

— Натюрморт жанрын кандайча тандап калдыңыз?

— Студент кезде голландиялык сүрөтчүлөрдүн эмгеги жөнүндөгү китеп сатып алып, натюрморт жанрында тартканды үйрөнүш үчүн кумурскалардын буттарына чейин тартылган сүрөттөрдү көп жыл көчүргөм. Бирок, убакыт өткөн сайын көз чарчайт. Сүрөтчүлөрдүн  ден-соолугунда эң биричи көздүн көрүүсү эрте начарлайт. Кийин устатым Сүйүтбек агай өзүнүн коллекциясынан төрт-беш кумган берип, натюрмортко басым жаса деп белги бергендей болду. Акырындап эски буюмдарды өзүм да чогулта баштадым. Жекшемби, ишемби күндөрү жайма базарларга чыгып, кумгандарды, эски туш кийиздерди, эски идиштерди баасына карабай сатып алам. Ата-бабабыздан калган мындай мурастарда жакшы энергия болот, канча кылымдык тарыхы, канчалаган муундун колунан өткөнү сезилип турат.

-“80-жаз” деген көлөмдүү картинаңызда карыя менен дарактарды тарткан экенсиз. Бул сүрөтүңүз менен эмне айткыңыз келди эле?

— Ал картинада өзүмдүн атамды тарткам. Жаз алдында айылга барып, атам ары карап табият менен сырдашып турган маалында аркасынан тартып алгам. Сүрөттө кары адам менен чогуу чоңойгон дарактардын ортосундагы мамилени, өмүрдүн жагалмайдай тез учуп кетерин  бергим келген. Атам жаш кезинде ал дарактар көчөт болгон экен. “Кышкы терезеде” болсо айылга барганда сарайдын ичине кирсем, желе жыш баскан терезеде  чырак, жип-шуу, така өңдүү буюмдар туруптур. Ошондо фото аппаратка тартып алдым. Кийин өнөрканама келип иштеп, ушу картина жаралды. Бул сүрөт желеси менен өтө кызыктуу. Анткени, желени өткөн мезгилдин, өткөн доордун символу катарында колдонгом. Азыр замандын талабына ылайык көп буюмдар колдонулбай сыртка чыгып калбадыбы.

— Сиздин сүрөттөрдөн арчаны, дубалга илинген сөөктү, бешикти, шырдакты, боз үйдү, деги чылк эле кыргыз дүйнөсүн табууга болот. Муну менен эмнени айткыңыз келет?

— Кыргыз – кыргыз бойдон калса экен деп тилейм. Бүгүнкү күндө арабдашып, европалашып, өспүрүм балдар, жаштар корейлерди туурап, өзүбүздүн кыргыз жыттуу дүйнөбүз бир ууч адамдардын гана дүйнөсүндө аздектелген бойдон калууда. Менин тилегим жалпы кыргыз эли өзүнүн түпкүлүгүнө кайтып келсе дейм. Ушундан улам келечекте “Бешикке бөлөө” деген картина да жараткым келет. Энелерибиз баланы бешикке бөлөөрдө “оң-оң”деп бешикке чүкө салып өкчөп, бөбөктү сары май менен оозандырган. Бешикке бөлөп аткан баланы жанындагы буюмдардан улам эле кыз же уул экенин баамдап коюуга болот. Перзент кыз болсо тарак, күзгү, уул болсо камчы, бычак сыяктуу буюмдарды кошо бөлөгөн. Бешиктин олпокторун салып бүткөндөн кийин арча түтөтүп, бешикти ысырактап алышкан. Менде азыр бул картинанын эскизи бар. Кийинки көргөзмөгө ушул сүрөт менен катышканга аркет кылам.

— Чыгармачыл адамдардын пайдубалы бала кезинде түптөлөт эмеспи, сиз бала кезиңизде эле кызыккансызбы?

— Кыргыз эл сүрөтчүсү Сүйүтбек Төрөбеков бир жагынан устатым, бир жагынан тайжездем болот. Менин сүрөт өнөрүнө кызыгып калышыма устатымдын таасири күч. Бала кезимден тарта бүгүнкү күнгө чейин күлүктү сүрөгөндөй акыл-насаатын айтып келе жатат. Андан сырткары, бала кезимде таята-таенемдер менен жайлоого чыгып кымыз ичип, мал кайтарып жүрдүм. Улуттук дүйнө таанымга басым жасаганымдын себеби да ушу жайлоону, кыргыз турмушун жайлоодо жүрүп жан дилиме сиңиргенимден улам деп ойлойм. Таенемдин сүт бышырып, нан жасап кемеге башында жүргөнү эсиме терең сакталып калыптыр.

— Көргөзмөгө канча эмгегиңиз коюлду?

— Көргөзмөгө 66 эмгегим коюлду. Экспозицияны устатым Сүйүтбек Төрөбеков жасады. Эски сүрөттөр азыраак, көбүн акыркы үч жылда тартып бүтүрдүм. Көргөзмөгө бардык сүрөт коюлганда, чыгармачылыктагы артыкчылык-кемчиликтерди да аныктап алганга жакшы экен. Өнөрканада илинип турганда байкала бербейт.

— Сүрөттөрүңүздү кардарлар сатып алышабы?

— Кыргыздын турмуш-тиричилигин, ата-бабаларыбызды, балалыгыбызды эстеткен сүрөттөр болгондуктан көп эле сатып алышат. Бирок, ким сатып алып жатканына да маани бериш керек. Сүрөтүмдү баалап, кастарлап илип алган адам туш болсо экен деп тилейм ичимден.

 

Афина БАКИРОВА

№95 «Эркин-Тоо» гезити

2023-жылдын 1-декабры