"Эркин-Тоо"

СҮТ АЗЫКТАРЫН ЧЕКТӨӨДӨ “САЯСАТ” БАРБЫ ЖЕ КЕМЧИЛИКТЕР КЕТКЕНБИ?

Кыргызстандан Россияга сүт азыктарын экспорттоого убактылуу чектөө коюлду. Себеби, россиялык тарап текшерүүдө биздин сүт продукцияларыбыздын сапатына кине коюшкан. Эми сүт азыктары “Россельхознадзор” мекемесинин кайталап текшерүүсүнөн кийин гана Россия рыногуна чыга алат.

Чындыгын айтканда россиялыктардын дооматынан кийин алар гана эмес, өзүбүздө деле сүт продукцияларынын сапатынан күмөн саноо пайда болду. 10–16-апрелде өлкөбүздөгү сүт азыктарын өндүрүүчү беш ишкананын иши менен таанышуудан кийин россиялык тарап Кыргызстандын сүт азыктары сапаты боюнча кооптуу деген жыйынтыкка келишкен. Себеби, алардын ынанымында бизде коркунучтуу мал ооруларынын алдын алуу, изилдөө иштерине көзөмөл натыйжасыз, себеби бул багытта иликтеп-изилдөө иштеринин жыйынтыктары белгисиз. Шарп жана башка мал ылаңдарына эмдөөнүн натыйжалуулугун ырастоочу документтер да жок. Бодо малга паратуберкулез, лейкоз жана башка оорулар боюнча изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөтүлгөн эмес. Сүттү кайра иштетүүчү ишканаларда фермерлер, эл бодо малга кандай дары каражаттарын колдонуусу боюнча да маалымат жок. Лабораториялык мониторинг начар, сырьёнун жана даяр продукциянын анализи тиешелүү деңгээлде жасалбайт. Адистер текшерүүдө өндүрүш ишканаларына гана эмес, фермаларга жана сүт кабыл алуу пункттарына да барышкан. Айрым сүт азыктарын өндүрүүчүлөр заводдо сакталып турган сүттүн кайдан алынганын да айтып бере алышкан эмес, себеби сүттүн сатып алынышы боюнча көзөмөл системасы жолго салынбаган. Сырьёнун маркировкасы жок. Кыскасы, биздин сүт азыктарыбыздын сапаты россиялыктарды катуу чочуткан сыяктанат. Ушундан улам “Россельхознадзор” Кыргызстандан Россияга сүт азыктарын импорттоону токтотуу чечимин кабыл алган. “Врач адамды, мал доктур адамзатты дарылайт” деп айтылат эмеспи. Албетте, россиялыктар өз калкынын саламаттыгына кам көрүп жатканын түшүнсө болот.

Антсе да кыргыз сүт азыктарын өндүрүшчүлөр тармагынын өкүлдөрү “Россельхознадзордун” бул чечими “саясат жыттанып” жатканын айтышууда. Себеби, Россиянын өзүндө сүт азыктарын өндүрүү көбөйүп, өткөн жылы сүт керектөөдөн 2 млн тоннага ашык болгон. Ошондуктан ички рынокто жергиликтүү өндүрүшкө атаандашуучулукту түзүп жаткан кыргыз продукцияларына чектөө киргизүү зарылдыгы чыккан деген пикирди карманышууда. Мурдагы айыл чарба министри Төрөгул Бековдун пикиринде, көйгөйдү бир тараптуу тыюу салуу чарасына жеткирбей эле чечсе болмок. “Мен биздин сүт продукцияларыбыз россиялыктардыкынан жаман деп айта албайм. Маселе чечилген күндө деле мындай иш-аракет өнөктөштүк мамилелерде өз ара ишенимге доо кетирет” — дейт ал.

Сүт продукцияларын Россияга экспорттоонун токтотулушу Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаевдин түшүндүрүүсү боюнча, сүт азыктарын өндүрүүчү ишканаларыбыз белгиленген көлөмдөн ашык продукция бере баштагандан улам болгон. Россия тарап эмне себептен продукциянын көлөмү өсүп жатат, өздөрү өндүрүп жатабы же башка өлкөдөн алып жатабы деген маселеден улам текшерүүгө алышкан.

Балыктын сапатына да доомат бар

Сүт продукцияларын Россия рыногуна чыгарууга тыюу салганга чейин февралда Кыргызстандан Россияга балык жана балык продукциясын сатуу да токтотулган. Себеби, балык чарбаларын “Россельхознадзордон” келген комиссиянын текшерүүсү учурунда тиешелүү талаптар аткарылбагандыктан продукциянын сапатына күмөн жаралган.

Текшерүүдө Россияга жиберилип жаткан форель балыгы жана анын икрасында тыюу салынган жана зыяндуу заттар жол берилчү деңгээлден ашык болуп чыккан. Балык чарбаларын текшерүүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй республика ичинде балык тиешелүү коштоочу ветеринардык сертификатсыз эле ташылат. Ишканаларда балыктар эч кандай документсиз, маркировкасыз бочкаларда сакталат. Маалыматка ылайык Кыргызстандан 10 компания балыкты экспорттоп келишкен. 2-майда Спутник Кыргызстан радиосуна берген маегинде Ветеринария кызматынын директору Ашырбай Жунусов “Россельхознадзор” эки балык чарбасына продукция экспорттоого уруксат бергенин билдирди. Калгандарынан кайталап текшерүүдөн өтүп, кемчиликтерди жойгондон кийин тыюу салуу алынат.

Мына ушул балык жана сүт продукцияларын өндүрүүдөгү кемчиликтер биздеги ветеринардык кызматтын өз милдеттерине кайдыгер жана формалдуу мамиле кылып жатканын көрсөтүп жаткан жокпу деген суроону пайда кылбай койбойт. Агроөнөр жай комплекси ассоциациясы кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн сүт продукциялары бардык стандарттарга жооп берет, компанияларыбыз баары ЕАЭБдин тиешелүү техникалык регламенти боюнча иштейт жана ISO 22000 сертификатына ээ деп ырасташууда. Бирок россиялык тарап дооматтарын асмандан алып жатпаса керек деп ойлойбуз. Көзөмөл органдарынын шалаакы жетекчилери ишин формалдуу түрдө баарын жакшы жасап, а иш жүзүндө абал чынында башкача болушу мүмкүн…

Бул маселе боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров да үн катып, “Россиянын сүт продукцияларын бизден импорттоону токтотуусунда эч кандай саясат жок. Мында көбүнчө маселе өзүбүздүн тиешелүү кызматтарда” — деп белгиледи. Чынында эле биз өнөктөштөргө күмөн саноого негиз бербей иштөөгө тийишпиз. Бирок Акылбек Жапаровду ЕАЭБдин 4 принциби: товарлардын, капиталдын, кызмат көрсөтүүнүн жана жумушчу күчүнүн эркин айлануусу иштебей жатканы тынчсыздандырып жатканын жашырган жок. «Биз баарыбыз, албетте биринчи кезекте Россия, товарлардын эркин айлануусун камсыз кылышыбыз керек», — дейт Акылбек Жапаров.

Бегим ТУРДАЛИЕВА
№38 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 12-майы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!