Бишкектеги “Ынтымак” сейил багында “Сөз эркиндиги” деп аталган аллеяга көчөттөр отургузулду.
Бул экологиялык акцияга мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарынын кызматкерлери, эркин жана мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык донордук уюмдардын байланышчылары катышты. Акция журналисттер менен байланышчыларды бириктирүү, медиа чөйрөсүндөгү жаңы чакырыктарды жана идеяларды бейформал шартта талкуулоо максатында уюштурулган.
Бул демилге Президент Садыр Жапаров тарабынан жарыяланган “Жашыл Мурас” алкагында ишке ашырылды. Маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков белгилегендей экологиялык көчөт отургузуу акциясы келечекте медиа чөйрөнүн өкүлдөрү үчүн жыл сайын жакшы салтка айлангысы бардыр.

