Кыргызстандагы жогорку медициналык билим берүү жолунда С.Б.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту чоң милдетти аркалап келе жатат десек болот. 30 жылдан ашуун убакыттан бери кыргыз медицинасынын жүгүн илгерилетүүдө аткарып жаткан иштери, аракеттери арбын. Тагыраагы, институт өлкөбүздүн саламаттык сактоо тутуму үчүн медициналык кадрларды даярдоодо жана алардын кесиптик өнүгүүсүндө маанилүү милдетти аткарууда. Жылына бул институттан миңдеген ак халатчандар кесиптик квалификацияларын жогорулатып, медицинадагы жаңы чакырыктарга даярданып, калк саламаттыгына кам көрүп келишет. Бул багыттагы иштер тууралуу Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун ректору, медицина илимдеринин доктору, профессор Рустам Курманов айтып берди.
— Квалификацияны жогорулатуу ар бир медициналык кызматкердин кесиптик жашоосунун ажырагыс бөлүгү болушу керек. Бул жөн гана формалдуулук эмес, тез өнүгүп жаткан медицина шартында жашоого керек болгон зарылдык десем болот. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин учурдагы укуктук-нормативдик актыларына ылайык, бардык медициналык кызматкерлер жыл сайын өз адистиги боюнча кеминде 50 академиялык сааттан билим алууга милдеттүү. Бул – кесиптик деңгээлин сактап калуу жана ишмердүүлүккө уруксат алуу үчүн зарыл шартты камсыздайт. Аттестациядан өтүү үчүн медициналык адис беш жылдык мөөнөт ичинде жалпы 250 кредит саатынан кем эмес топтоого тийиш. Мунун негизинде институттун квалификацияны жогорулатуу системасы үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү принциптерине ылайык уюштурулган. Институт бүгүнкү күндө заманбап медицинанын эң актуалдуу багыттары боюнча кеңири курстарды сунуштайт. Алар терапия, хирургия, педиатрия, лабораториялык диагностика, эпидемиология, медайымдык иш жана башка багыттагы курстар. Окуу процесси күндүзгү жана дистанциялык формаларда инновациялык билим берүү технологиялары менен окутулат.
МЕДИЦИНАЛЫК САПАТ – ПРОФЕССИОНАЛДУУЛУК
Институт негизги 4 багыт боюнча окутат:
1) Дарыгерлердин адистигин өркүндөтүүчү факультет
2) Медайымдык иш адистигин өркүндөтүүчү факультет
3) Үй-бүлөлүк медицина факультети
4) Дипломдон кийинки билим берүү жана илим факультети
Аны менен катар бир нече кафедралар бар. Мындан тышкары өлкө боюнча Ош, Ысык — Көл, Нарын, Талас облустарында институттун филиалдары ийгиликтүү иштеп келет. Мында медицина кызматкерлери билимдерин жогорулатышат. Өткөн жылы институт үй-бүлөлүк медицина кафедрасынын жаңы филиалдарын Талас жана Нарын шаарларында ачып, билим берүүнүн географиясын кеңейтти. Өзгөчө Каракол филиалынын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, техникалык жактан жаңыртылып, заманбап билим берүү жана практикалык даярдык менен камсыздоочу Ысык-Көл облустук окуу борбору катары ийгиликтүү иштей башташы ак халатчандарды кубантат. Келечектеги пландарда башка аймактарда да филиалдарды ачуу камылгасы көрүлүүдө.
ОКУУ БЮДЖЕТТИК ЖАНА КОНТРАКТТЫК НЕГИЗДЕ
Институттан өлкөбүздөгү мамлекеттик оорукана, бейтапканада иштеген ак халатчандар милдеттүү түрдө билимдерин жогорулатып, жаңылашат. Дээрлик көп пайызы бюджеттик негизде окутулат. Квалификациясын жогорулатып окуп келген ак халатчандарга айлыгына акча кошулат. Аны менен катар институттан билим алам деп жеке клиникалардын кызматкерлери билим алышат. Жеке медициналык мекемелердин кызматкерлери келишимдин негизинде контракт төлөп окушат.
33 МИҢГЕ ЖАКЫН АДИС БИЛИМ АЛГАН
Өткөн жылы институттун профессордук-окутуучулук курамы 3600дөн ашуун кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөргөн. Анын жыйынтыгында 33 миңге жакын адис — дарыгер-ординатор, фармацевт жана медайымдар билим алышкан. Бул Кыргызстандагы медициналык кызматкерлер менен фармацевтикалык системада иштегендердин 70 пайызынан ашууну жыл сайын дал ушул институтта билим алышат дегенди билдирет. Бул көрсөткүч бүгүн туруктуу өсүүдө. Ушул жылдын алгачкы беш айында эле институт 19 миңден ашуун адамды окутуп, үзгүлтүксүз медициналык билим берүү системасында өзүнүн негизги аткарган ролун далилдеген. «Бизде күчтүү профессордук-окутуучулук курам бар. Биздин жамаатта 2 академик, 2 мүчө-корреспондент, 41 медицина илимдеринин доктору (анын ичинде 29у профессор), 140 медицина илимдеринин кандидаты жана 17 Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери жана саламаттыкты сактоо кызматкерлери иштешет” дейт ректор Рустам Курманов.
ТЕОРИЯ ЖАНА КЛИНИКАЛЫК ТАЖРЫЙБА
Институт теориядан тышкары, клиникалык тажрыйбага терең билимге басым жасап, медицина кызматкерлеринин келечегине мыкты багыт берүүгө умтулуунун үстүндө. Бул тууралуу ректор: «Ар бир мыкты адис жакшы окутуучу боло албайт, жана ар бир окутуучу иштеп жаткан мыкты дарыгер боло бербейт. Биз эки сапатты тең ийгиликтүү айкалыштырып, бул багыт менен окутуу чыныгы баалуу жана натыйжалуу экенин белгилейбиз» дейт ал.
ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК
Окуу жайда эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, кесиптик билим берүүнүн жана илимий тажрыйба алмашуунун багыты кеңейтилүүдө. Бул максатта өнөктөш уюмдардын арасында Россиянын үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү боюнча медициналык академиясы менен көп жылдан бери тыгыз кызматташат. Кызматташуунун аркасында институттун окутуучулары менен Россиянын медициналык академиясы биргелешкен долбоорлор, билим берүү курстары, семинар, конференция жана мастер-класстарды уюштуруп келет. Эки тараптуу байланыш окуу процессине алдыңкы ыкмаларды киргизүүгө гана эмес, окутуучулар менен угуучуларга медициналык билим берүүнүн эл аралык тажрыйбасын өздөштүрүүгө да мүмкүнчүлүк берет. «Россиянын үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү боюнча медициналык академиясы менен расмий кызматташтык келишими бар. Ал бизге билим берүү программаларына түз жетүү мүмкүнчүлүгүн берет. Биздин кызматкерлер аралыктан окуу, зарыл учурда – өнөктөш уюмдардын базасында күндүзгү түрдө да билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн» деп кошумчалайт ректор Р.Курманов. Институт Россиядан сырткары Өзбекстан, Беларусь, Швейцария, Япония, Кытай сыяктуу өлкөлөрдүн алдыңкы университеттери жана тармактык уюмдары менен да туруктуу кесиптик байланыштарды түзгөн. Айрыкча Кытай Эл Республикасы менен жүргүзүлүп жаткан жемиштүү кызматташтыкты өзгөчө баса белгилөөгө болот. Анын алкагында Чыгыш медицинасынын ыкмалары боюнча адистешкен дарыгерлерди кайра даярдоо программалары иштелип чыккан. Институттун стратегиялык өнүгүүсүнүн амбициялуу пландарынын катарында төмөнкүдөй багыттар бар:
- Жаңы дистанциялык билим берүү курстарын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- Эл аралык аккредитациядан өтүү;
- Квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатууга муктаж медициналык кызматкерлердин санын кеңейтүү;
- Заманбап технологияларды жана медициналык кызмат көрсөтүү ыкмаларын окуу процессине активдүү киргизүү;
- Өзүнүн клиникалык базасын түзүү — үй-бүлөлүк медицина боюнча окуу борбору жана симуляциялык борбор.
ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ЖАНА КЕСИПТИК БОРБОР
Бүгүнкү күндө институт – өлкөнүн медициналык тармагынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуучу интеллектуалдык жана кесиптик борбор десек болот. Ал заманбап медицинанын жогорку стандарттарына жооп бере алган, жаңы муундагы кадрларды даярдоодо маанилүү вазыйпаны аткарууда. Профессордук-окутуучулук курамдын жогорку кесипкөйлүгү, заманбап методикалык ыкмада билим берүү аркылуу өлкөдөгү дарылоо мекемелери менен тыгыз кызматташуунун аркасында окуу жай Улуттук саламаттыкты сактоо системасын чыңдоого жана заман талабына жооп бере ала турган медициналык кадрларды даярдоого олуттуу салым кошууда. Албетте мындай ийгиликтүү иштердин артында дасыккан кесипкөй, иш билги жетекчи тураарын белгилеп кетсек ашыкча болбос. Институтту 5 жылдан ашуун убакыттан бери жетектеп келе жаткан жетекчи, профессор, ректор Рустам Курмановдун иштерине да албан ийгиликтерди каалап кетели.
Мээрим БАКТЫБЕК кызы