"Эркин-Тоо"
№15 2023-жылдын 28-февралы

С.Юсупова атындагы айыл өкмөтү дотациядан чыкты

Араван районунун С.Юсупова атындагы айыл өкмөтүндө 2023-жылдын 20-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү З.Жамалдиновдун катышуусунда болуп өткөн жыйында айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Абдураимов 2022-жылда айыл аймактын социалдыкэкономикалык өнүгүүсүнүн ишмерчемдериндеги аткарган иштери жөнүндө отчет берип, маалыматтарын бөлүштү. Ошону менен бирге 2023-жылга карата милдеттери, жаңы идеялары тууралуу кеңири баян курду

Элдик жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким С.Кулубаев, Араван районундагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, айылдык кеңештин депутаттары, айыл аймагындагы тургундар, эмгек ардагерлери, дыйкан-фермердик чарбалардын жетекчилери, жеке ишкерлер, айыл комитеттери, аялдар кеңешинин мүчөлөрү, мечит имамдары, мектеп директорлору, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, китепкана жетекчилери, маданият кызматкерлери жана аппарат кызматкерлери катышты. С.Юсупова атындагы айыл өкмөтү 2022-жылда дотациядан чыкты. 2022-жыл ичинде С.Юсупова айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыз кылуунун негизги планы иштелип чыгып, айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 38 млн 629 миң сомго пландаштырылып, аткарылганы 58 млн 760 миң 700 сом болуп, өсүү темпи 108,6% түздү.

Экономика тармагы боюнча алгылыктуу көп иштер аткарылды. С. Юсупова атындагы айыл аймагынын Октябрь айылында азыркы мезгилдеги талапка жооп берген мал базары ачылып, ветеринардык дарыканалары мал жандыктарынын дени сак болуусу үчүн кызмат кылат. Мал базарда сатылуу үчүн кезегин күтүп жаткан жандыктарды жаанчачында калтырбай кармоо үчүн курулган навес-чатырлары элди ыраазы кылууда. Ошондой эле алыс-жакындан келген сатуучуалуучуларга намазканалар да курулган. Ушул шарттардын баарына жеке ишкер Ратан Халилов тарабынан 2 млн 400 миң сом каражат жумшалган жана 6 жумуш орун түзүлгөн.

Айыл аймагынын Нооруз айылынын Азизахунов көчөсүндө ПРООН тарабынан 300 орундуу тигүү фабрикасы курулуп, 2022-жылдын 14-сентябрында өз ишмердүүлүгүн баштаган. Тигүү фабрикасынын ачылышына Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү З.Жамалдинов катышкан. Бул фабрикага 150 миң АКШ долларлык жабдуулары сатып алынган. 41 млн сом курулуш иштерине каржыланган. Азыркы күндө ал ишканада 210 жумушчу иштейт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрдагы Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө ПЖ №305 Жарлыгынын негизинде айыл аймагынын санитардык абалын жакшыртуу үчүн тазалыкты кармап, калктын таштандыларын өз убагында алып чыгууда кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу максатында айыл аймакта “С.Юсупова-Тазалык” муниципалдык ишканасы ачылды.

Азыркы күндө эң актуалдуу маселе – жер маеселеси болуп калды. Ушул жаатта иш алып барууда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” ПЖ №109 Жарлыгына ылайык мыйзамсыз курулган ээси жок 28 жердеги фундаменттер бузулуп, жердин мурдагы калыбына келтирүү иштери аткарылды жана мыйзамга туура келбеген курулуштар менен курулган фундаменттер такталып, туура келбеген курулуштардын ээлерине эскертүү барактары берилди.

Араван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким С.Кулубаевдин көзөмөлүндө түзүлгөн жер комиссиясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого” ылайык арыздарды кабыл алышты. Бүгүнкү күнгө карата 129 жаран Араван райондук мамлекеттик администрациясына арыз менен кайрылган, ал арыздар боюнча тийиштүү ишкана-мекемелерден, Маданият министрлигине караштуу Археология жана Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинен жер мунапысынын талабына ылайык корутундуларды алуу иштери алып барылып жатат.


Араван районунун С.Юсупова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Насридин АБДУРАИМОВ:
“Социалдык жактан кам көрүү – башкы милдет”

С.Юсупова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Абдураимов Насридин Сатыбалдиевич бардык күч аракеттерин ушул аймактын өнүгүп-өсүүсү үчүн жумшап, тыным албай иштеп жаткан учуру. Өз кезегинде сөз алган жеткекчи айыл аймактын жашоочуларына жыл ичинде жашоо-шартты жакшыртуу үчүн жасаган алгылыктуу, ийгиликтүү иш-аракети үчүн ыраазычылык билдирип, жемиштүү натыйжалары менен куттуктап өттү. Насридин мырза биз менен болгон баарлашууда мына буларды айтып берди.

— Эми 2023-жылда аткарыла турган милдеттер жөнүндө айта кетейин. Биздин айыл аймак Араван районунун борборунда жайгашкандыктан, сырттан келген жана жергиликтүү жашоочулардын көзүнө көрүнгөн Жеңиш аянты бар. Жаш бөбөктөрдү, өспүрүмдөрдү патриоттуулукка тарбиялоодо, бабаларыбыздын унутулгус эрдиктери тууралуу унуттурбай эстетип турууга багытталган иш-чаралардын баары ошол жерде өтөт. Ошол аянтты заман талабына жараша жаңылап алуу үчүн көп аракеттерди жасап жатабыз. Буюрса, 2023-жылдагы иш-планга киргизилди. Аны кайрадан курууга жергиликтүү бюджеттен 1 млн сом каражат каралды. Долбоору даяр.

Борбордук Б.Айдаров жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишине жарнамалык монитор жана жол чырактарын орнотуу иш-планга киргизилди. Жол чырактарын орнотууда жөө баскан жүргүнчүлөрдүн жана мектеп окуучуларынын коопсуздугу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Турак-жай муктаждыгын азайтуу үчүн 8га жерге көп кабаттуу үйлөрдү курууга курулуш компаниялары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Айыл аймагындагы М.Султанов көчөсүнө асфальт төшөө үчүн республикалык бюджетке киргизүүгө Араван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким С.Д.Кулубаев тарабынан сунуш берилген. Ошондой эле айылдардагы көчөлөргө тротуар курууга жергиликтүү бюджеттен каражаттар берилмекчи.

Санариптештирүү иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы №632 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы №6 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтомун аткарууга алып, айыл аймагынын тургундарын айыл өкмөтүнүн кызматкерлери “ТҮНДҮК” электрондук тиркемеге өтүүгө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

1545 үй-бүлө электрондук социалдык паспорт алышты

— Ошондой эле айыл аймагында калктын социалдык жактан колдоого муктаж катмарына ар тараптуу колдоо көрсөтүү биздин башкы милдетибиз болуп саналат. Айыл өкмөтүндө 3357 пенсионер, 81 жарым жетим, 4 тоголок жетим, 6 Чернобылда кызмат кылгандар, 35 Ооганстан согушунун катышуучулары. 80-90-100 жаш курактагы карыялар 242, 560 жөлөк пул алуучулар катталган. Айыл аймагында өткөн жылы 1545 үй-бүлө электрондук социалдык паспорт алышты.

Андан тышкары Ооган согушунун катышуучуларына, 8-март Аялдар күнүнө, 21-март Нооруз майрамына, Чернобылда кызмат кылгандарга, Улуу Жениш майрамынын 77 жылдыгына, “Энелер күнүнө”, Орозо Айт майрамына жана башка даталуу күндөргө карата атайын ишчараларды өткөрүп, материалдык жана акчалай түрдө колдоо көрсөтүп келе жатабыз. Кургак учук оорусу менен ооруган оорулуулар, турмуштук оор кырдаалга кабылгандар, Ирак Республикасынан келген айыл аймагында жашап жаткан 9 бала өзгөчө камкордукка алынган.

1-июнь Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата “Алтын ордо” ресторанында иш-чара өткөрүлдү. Балдарга арналган ар түрдүү оюн-зооктор уюштурулуп, белектер тапшырылды.

Айыл аймагындагы мамлекеттик мекеме-ишканалардын кышка даярдыгы боюнча алдын ала план түзүлүп, бир топ иштер жасалды. Аймактагы Манас орто мектебинин филиалына от казан орнотулуп, айыл өкмөтүнүн бюджетинен 650 миң сом каржыланды.

Мектепке чейинки “Бүчүр” билим берүү мекемесине жаңы от казан орнотууга айыл өкмөтү 234 000 сом бөлүп берди.

Электрондук кызмат көрсөтүүнүн актуалдуулугу

— Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынын, КРнын Министрлер Кабинетинин, КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана Араван РМАсынын ченемдик-укуктук актыларын, протоколдук тапшырмаларын турмушка ашырууну камсыз кылуусу жана жарандардын кайрылууларын кароодогу аткаруучулук тартиби Мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт. 2022-жылдын август айында Ош облустук архиви менен электрондук номенклатура түзүлүп, Араван районунун мамлекеттик администрациясы жана бардык ишкана мекемелери менен Инфодокс программасы аркылуу кат алмашууда. Бул тутумга айыл өкмөтүнүн кызматкерлери да туташтырылган.

Статистика боюнча айыл аймагында 27258 калк, 4847 кожолук бар. Санарип аймак электрондук тутумуна айыл аймагы боюча 20877 адам калктын 76,59%; 4509 кожолук пайыздык өлчөм менен 93,02% катталган. Азыркы учурда жарандарга берилүүчү үй-бүлөлүк жана жашагандыгы жөнүндөгү маалымкаттар электрондук түрдө берилип, калкты каттоо күн сайын улантылып жатат.

Е-кызматка бардык аппарат кызматкерлери жөнүндө маалыматтар каттоого алынып сакталып жана өздүк иштери, резюмелери электрондук түрдө жүргүзүлүп жатат. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана мунициапалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндөгү Жобого” ылайык бош административдик орундарга ачык конкурс электрондук түрдө мамлекеттик сайтка жарыяланат. Талапкерлер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин түштүк аймактар аралык башкармалыгына тестирлөөгө жөнөтүлүп жатат.

Жыл жыйынтыгын чыгарган жыйындын соңунда Араван районундагы С.Юсупова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Абдураимов Насридин мырза: “Ушул бүгүнкү мага берилген мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, элиме, айылдаштарыма, замандаштарыма чоң ырахматымды айтып, ыраазычылык билдирем. Улуу-кичүү агаларыма, инилериме, апаларыма, эжекарындаштарыма бекем ден соолук, бактылуу өмүр, бакубат жашоо каалайм. Аймагыбыздын гүлдөп-өнүгүүсү үчүн арнаган изги ниеттериңиздерди жакшылыктар коштоп, болочокто төрт тарабы келишкен, өнүгүп-өскөн, гүл жыттуу аймактардын бири бололу” деп сөзүн жыйынтыктады.

Раиса ДҮЙШӨНБЕКОВА
№15 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 28-февралы