Кечээ, 21-октябрда Бишкек шаарында өткөн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын Республикалык кеңешмесинде, Президент Садыр Жапаров былтыркы жылга салыштырмалуу 2021-жылы үй-бүлөлүк зордук-зомбулук 21%га өскөнүн билдирди.
“Акыркы кезде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук күч алган фактылар көп кездешүүдө. Бул көрсөткүч балдарга карата жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу жаатында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик тарабынан тийиштүү иштер жетишээрлик болбой жаткандыгынан кабар берет. Бул багыт боюнча тез аранын ичинде чаралардын көрүлүшүн талап кылам”, — деди мамлекет башчысы
Садыр Жапаров мындан тышкары, этникалык кыргыздардын Кыргыз Республикасынын жарандык паспортун алууда көйгөйлөр жаралганын жана алардын турак-жай маселелери чечилбей жатканын айтты.
“Өлкө аймагына келген этникалык кыргыздардын басымдуу бөлүгүнүн өздүк турак-жайы жок, ижара батирлерде жашап келишет. Мындан сырткары көптөгөн этникалык кыргыздардын улуттук паспортторунун мөөнөтү бүтүп калып, мыйзам боюнча батир ээсинин макулдугун ала албай, өлкө аймагында каттоого убагында тура алышпай, кыйынчылыктарга дуушар болушууда. Бул көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүүнү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана жергиликтүү бийлик органдары колго алгыла”, — деди ал.