"Эркин-Тоо"
Саясат

С.Жапаров: «Айрым жетекчилердин ишмердигинде мамлекеттик көз караштын, ыкманын жоктугу өкүндүрөт!»

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын Республикалык кеңешмесинде, Президент Садыр Жапаров аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарын реформалоо боюнча жасалган иштер тууралуу токтолду.

Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн саны кыскартылганын айтып,  көпчүлүк административдик ведомстволор кайра түзүлүп, министрликтердин жана мамлекеттик комитеттердин карамагына өткөрүлүп берилгенин билдирди.

Малекет башчысынын айтымында, мындай өзгөрүүлөр министрликтердин жана мамлекеттик комитеттердин ролун жогорулатуу, тиешелүү багыттарда иштелип чыккан саясаттын сапатын жакшыртуу жана  алардын жоопкерчилигин күчөтүү максатында жасалган.

Бирок ошол эле мезгилде, Президенттин Администрациясына так иштелип чыкпаган документтердин келип жатканын жана ички ведомстволук кызыкчылыктарды коргогон учурлар арбын кездешкенин мамлекет башчысы белгилеп өттү.

“Айрым мамлекеттик органдар Министрлер Кабинетинин түзүмүн бекитүүгө байланыштуу тиешелүү уюштуруу иштерин негизсиз созуп жиберишти. Мен министрлерди, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун башчыларын эскертип коёюн, бул маселелердин баары тез арада чечилиши керек.

Айрым жетекчилердин ишмердигинде мамлекеттик көз караштын, ыкманын жоктугу өкүндүрөт! Экономикалык оор кырдаалга карабай, штаттын санын көбөйтүү, кошумча жетекчилик кызматтарды киргизүү, ар кандай мекемелерди жана ишканаларды түзүү боюнча негизделбеген өтүнүчтөр келип түшүүдө”, -деди Президент.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров Министрлер Кабинетине түзүмдүк өзгөртүүлөрдү жана штаттык санды көбөйтүү боюнча сунуштарды кылдаттык менен талдап, изилдөөнүн негизинде гана ишке ашырууну тапшырды.