Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, Талас облусунун Талас районуна караштуу Жанкороз олуя айылында «Беш-Таш–Кайыңды» минералдык суу чыгаруучу кичи завод ачылды. Ачылыш аземине Президент Садыр Жапаров аралыктан катышты.
Маалыматка ылайык, кичи завод саатына 1 миң бөтөлкө минералдык суу чыгарууга мүмкүнчүлүк берет. Өндүрүш толугу менен сапаттык көзөмөлдөн өткөрүлөт.
Долбоор Талас облусунда өнөр жайды өнүктүрүүгө, ишкердикти кеңейтүүгө жана калктын жашоо-турмушун жакшыртууга багытталган.

