"Эркин-Тоо"
Статистика

Сабиз эки эсе кымбаттады

Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.  Сабиз менен кошо базарларда кызылча да  бир жыл аралыгында эки эсе кымбаттаган. 2021-жылдын май айында кызылчанын орточо баасы 60 сомдон ашып, 2020-жылдын май айына салыштырмалуу эки эсеге өскөнү аныкталды. Токтогул районунда кызылчанын бир килограммы 100 сомго чыкты. Эске салсак, былтыр бир килограмм кызылча 28 сомдон сатылып жаткан. Сабиздин бир килограммынын орточо баасы 45 сомдон ашып, айрым шаарларда 60 сомго чейин жетти.