"Эркин-Тоо"

Садака-фитирдин эсебинен 50 үй-бүлөгө 150 миң сом акчалай жардам таратылды

2022-жылы топтолгон садака-фитирдин эсебинен Кара-Суу районундагы “Исмаил ата” борбордук мечитинде районго караштуу жардамга муктаж 50 үй-бүлөгө 150 миң сом  таратылып берилди. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кайрымдуулук иш-чарасы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте уюштурулган.

“Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын тапшырмасы жана Ош облустук мусулмандарынын казыятынын көрсөтмөсү менен кайрымдуулук иш-чара уюштурулду. 2022-жылы топтолгон садака-фитирдин эсебинен 50 үй-бүлөнүн ар бирине 3 миң сомдон акчалай жардам берилди”,- деди Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров.

Эске салсак, быйылкы жылы  райондук хатибиятка 275 584 сом  садака-фитир келип түшкөн болсо, буга чейин муктаждар үчүн 125 584 сом таратылган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!