"Эркин-Тоо"

Садыр Жапаров Өзбекстандын премьер-министрин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча пикир алышуу болду.

Мамлекет башчысы кыргыз-өзбек мамилелеринде эки тараптуу кызматташуунун дээрлик бардык багыттарында болуп көрбөгөндөй оң өзгөрүүлөр болгонун айтып, мындай биргелешкен ийгиликтерде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин өзгөчө маанилүү ролун баса белгиледи.

Садыр Жапаров акыркы жылдары эки өлкө ортосундагы өз ара сооданын ырааттуу өсүүсү байкалганына канааттануу менен токтолуп, бүгүнкү талкууланган маселелер жана жетишилген келишимдер эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн деңгээлинде толук ишке ашат деген бекем ишенимин билдирди.

Өзбекстандын премьер-министри президент Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарында кабыл алынган тарыхый чечимдерге басым жасады. Анын ичинде, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процесси аяктаганына токтолду.

Баарлашуунун жүрүшүндө Абдулла Арипов Өзбекстан боордош Кыргызстандын жетишкен ийгиликтерине, өлкө экономикасынын туруктуу өнүгүшүнө чын дилинен кубанарын айтып, экологиялык заманбап Асман шаарынын курулушунун башталышын мамлекеттин ийгиликтүү өнүгүүсүнүн символу катары сыпаттады.

Жолугушууда тараптар эки элдин бакубатчылыгын жана бир туугандык байланыштарын чыңдоого багытталган биргелешкен мерчемдер менен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.

 

 

Пример HTML-страницы