"Эркин-Тоо"

Садыр Жапаров үч районго жаңы аким дайындады

Өлкө башчы Садыр Жапаров бир катар жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын – райондордун акимдерин дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде президенттин маалымат кызматынан билдирди.

«Набиев Адыбек Асанович — Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;

Субагожоев Жакыпбек Мойдунович — Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;

— Бахавадинов Эрмек Ибрагимович — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тескемелери менен:

Манапов Уристем Ибраимович — президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалып, мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

— Тургунбаев Зарлык Тургунбаевич — президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды;

— Бактыгулов Турсунбек Аманбекович — Нарын облусунун Кочкор районунун мамлекеттик администрация башчысынын — акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды;

— Мамадалиев Шакир Шамшидинович — Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрация башчысынын — акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды;

— Осмонов Бактыбек Арапбаевич — Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрация башчысынын — акиминин орун басары болуп дайындалып, мурда ээлеген кызматынан бошотулду.

Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы жаңы мамлекеттик саясаттын алкагында бардык дайындоолор региондук кадр резервинен алынып, жүргүзүлөрүн белгилейт.

Ошондой эле бул кадрдык дайындоолор башкаруу ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу жана мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жүргүзүлгөнү кошумчаланды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!