"Эркин-Тоо"
Коом

Садыр Жапаров аймактарда жерлерди трансформациялоо иштери кечеңдеп жатканын айтты

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын Республикалык кеңешмесинде, Президент Садыр Жапаров аймактарда жерлерди трансформациялоо иштери кечеңдеп жатканын айтып, мунун айынан жарандарга муниципалдык кызматтар толук кандуу көрсөтүлбөй жатканын айтты.

“Көпчүлүк аймактарда жарандардын үйлөрү трансформация болбогон жерлерге курулгандыгына байланыштуу, мыйзам чегинде каттоодон өтпөй, жарандар толук кандуу муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү ала албай келет. Бул ишке жооптуу мамлекеттик органдардын жетекчилери өз убагында чара көрүп, көйгөйлөрдү чечүү боюнча иш алып баруусу зарыл. Эми мындай көйгөйлөрдү элдин өзүнө калтырбай, бул ишке тиешелүү мамлекеттик мекемелер чуркап болсо да бүткөрүшү керек”, — деди Президент.