"Эркин-Тоо"

Садыр Жапаров «Ак-Ордо-3» конушунун тургундары менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-ноябрда, Чүй облусунун Сокулук районунун Ново-Павлов айыл өкмөтүндөгү «Ак-Ордо-3» конушунун жашоочулары менен жолугушту.

Жолугушууда жергиликтүү тургундар 20 жылдан бери чечилбей келе жаткан көйгөйлөрдү айтып, алар жер тилкелерин мыйзамдаштыра албай, конушта мектеп, оорукана, бала бакчалар салынбаганын, жол жана көрүстөн маселелери курч бойдон турганын билдиришти.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, 2007-жылы Ново-Павлов айыл өкмөтүнүн токтому менен 41 гектар жер тилкеси трансформацияланып, муктаж болгондорго бөлүнүп берилген. Бирок, учурда шылуун адамдар тарабынан трансформация боюнча эч кандай токтом кабыл алынган эмес деген шылтоо менен жүздөгөн адамдардын “кызыл китептерин” сот аркылуу жокко чыгаруу аракети жасалып жатат. Ошол эле адамдардын өздөрүнүн буга чейин курулуп калган жер тилкелерин кайрадан муктаж болгондорго сатып жатканы көптөгөн чыр-чатактарды жаратууда.

Аталган конуштун тургундары ошондой эле конушту Бишкек шаарынын аймагына киргизүүнү, кошумча маршруттук линияларды ачууну, милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн штаттык санын көбөйтүүнү жана кылмыштуулукка каршы күрөштү жакшыртуу үчүн аларга имарат бөлүп берүү маселелерин чечүүнү өтүнүштү.

Мамлекет башчысы Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевге жашоочулар тарабынан айтылган көйгөйлөрдү тез арада жөнгө салып, конуштагы тилкелерге ээлик кылууга укук берүүчү документтерди жана техникалык паспортторду берүү маселесин чечүүнү тапшырды.

«Майга чейин ээлик кылууга укук берүүчү документтери жана техпаспорту жок үй болбошу керек. Эгер анда болбосо, тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери кызматынан эле алынып тим болбой, өз кызматтык милдеттерин аткаруудагы шалаакылыгы үчүн жоопкерчиликке тартылат», — деп билдирген Садыр Жапаров, конушту борборго кошуу маселеси жашоочулар бардык документтерин алгандан кийин чечилерин кошумчалады.

Президенттин айтымында, Бишкектеги калктуу конуштардын тилкелерин трансформациялоонун бардык маселелери Жогорку Кеңеште каралууда жана алардын көйгөйлөрү чечилет.

Садыр Жапаров ошондой эле, «Ак-Ордо-3» конушунун жашоочулары тарабынан көтөрүлгөн маселелерди ыкчам чечүү үчүн, Сокулук районунун мамлекеттик жана көзөмөлдөөчү органдарынын жетекчилерин ротация жасоону тапшырды.

Бул райондогу социалдык объектилердин курулуш маселесине токтолуп, ал бир жарым-эки жылдын ичинде  мектеп жана бала бакчалардын курулуш маселеси чечилерин  белгиледи.

Ошондой эле, Мамлекет башчысы Бишкек мэриясы борборго автобустарды алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын белгиледи. Жаңы автобустардын келиши менен конуштар кошумча маршруттук каттамдар менен камсыздалаары күтүлөт.

Аны менен бирге, Садыр Жапаров Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө мүрзө үчүн тилке бөлүп берүү маселесин бир ай ичинде чечүүнү тапшырды.

Мындан сырткары, Президент жергиликтүү жашоочулар билдирген конуштагы эки чакырым узундуктагы ички жолдун курулушу маселесин жеке көзөмөлүнө алды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!