Президент Садыр Жапаров 10-сентябрда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Президенттик “Акылман” лицейине пландан тышкары барды.
Мамлекет башчысы лицейде көрсөтүлгөн билим деңгээлин жана таланттарын жогору баалап, окуучуларды өнүгүүсүн улантууга жана жаңы бийиктиктерге умтулууга үндөдү.
Президенттин атынан лицейдин ар бир окуучусуна окуу процессин жеңилдетүү жана өзүнүн потенциалын ачууга көмөк көрсөтүү максатында планшеттер берилди.
Садыр Жапаров мындан ары окуунун жүрүшүндө алынган билим өлкөнүн жана коомдун жыргалчылыгы үчүн багытталышы керектигин белгиледи.