"Эркин-Тоо"

Садыр Жапаров Александр Лукашенко менен жолукту

Президент Садыр Жапаров 22-ноябрда Минск шаарында Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко менен жолукту.

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин , ошондой эле Жамааттык коопсуздук кеңеши уюмунун алдыдагы сессиясынын күн тартибин талкуулашты.

Садыр Жапаров менен Александр Лукашенко Кыргызстан менен Беларусь ортосундагы өз ара аракеттенүүнү эки өлкө элдеринин кызыкчылыгында бекемдөөгө даярдыгын билдиришти.