"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Садыр Жапаров Армениянын Улуттук Жыйынынын Төрагасын кабыл алды

Бүгүн,  Президент Садыр Жапаров Армениянын Улуттук Жыйынынын Төрагасы Ален Симонянды расмий сапарынын алкагында кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы парламенттер аралык кызматташууну тереңдетүү маселелерин талкуулашты. Мамлекет башчысы эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди чыңдоодо парламенттик диалогдун маанилүүлүгүн белгилеп өттү.

Садыр Жапаров Армения делегациясын жылуу тосуп алып, кыргыз-армян эки тараптуу мамилелери өз ара ишенимге, урматтоого жана достукка негизделгенин баса белгиледи. Ал өлкөлөр ортосундагы парламентаризмди өнүктүрүү, мыйзам чыгаруу тажрыйбасы менен алмашуу жана кызматташтыктын жаңы багыттарын илгерилетүү максатында достук депутаттык топтордун ишин активдештирүү зарылдыгына көңүл бурду.

«Мындай аракеттер эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү чыңдоого жана мыйзам чыгаруу деңгээлинде тажрыйба алмашууну өнүктүрүүгө өбөлгө болот», – деди Президент.

Ал ошондой эле Кыргыз Республикасы Армения менен парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары да ырааттуу өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде, Армениянын Улуттук Жыйынынын Төрагасы Ален Симонян Армения менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер туруктуу жана конструктивдүү негизде түзүлгөнүн белгилеп өттү. Ал эки өлкө ортосундагы өз ара ишенимге жана ачык диалогго негизделген кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

Ален Симонян, ошондой эле, инновациялар жана технологиялар тармагында, ошондой эле маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташууну кеңейтүүдө олуттуу потенциал бар экенине токтолду.

Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өтүп, тараптар эки өлкө ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты чыңдоого даяр экендиктерин тастыкташты.