"Эркин-Тоо"

Садыр Жапаров Азербайжан президенти Илхам Алиевге көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Азербайжан президенти Илхам Алиевге жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
«Көптөгөн адамдардын курмандыгына алып келген азербайжандык жүргүнчү учагынын трагедиялуу кыйрашы тууралуу бүгүнкү суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана ушул трагедиянын кесепетинен жабыр тарткандардын баарына тезирээк сакайып кетишин каалайм. Орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөм», — деп жазылган мамлекет башчынын телеграммасында.
Пример HTML-страницы