Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында Азия Өнүктүрүү Банкынын (АӨБ) Башкаруучу башкы директору Вуучонг Ум менен жолугушту.
Кыргызстан менен АӨБ ортосундагы долбоордук-программалык кызматташуунун багыттары, анын ичинде КР үчүн 2023-2027-жылдарга өнөктөштүктүн жаңы стратегиясы жөнүндө сүйлөшүүлөр болду.
Президент Азия өнүктүрүү банкы расмий финансылык жардам көрсөтүү көлөмү жагынан эң ири тышкы донор болуп саналарын белгилеп, «Камбар-Ата-1» ГЭСин жана «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун, транспорттук инфраструктура жана энергетика чөйрөсүндө эки ири долбоорду каржылоону жана масштабдуу инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүнү сунуштады.
АӨБдүн Башкаруучу башкы директору Кыргызстан банк үчүн маанилүү өнөктөш экенин айтып, уюмдун масштабдуу стратегиялык долбоорлорду, анын ичинде энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө даярдыгын ырастап, стратегиялык маанидеги ири долбоорлорго өтүүнүн маанилүүлүгүн жана уюмдун аларга катышууга даярдыгын белгиледи.
Жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө өз ара даярдыгын тастыкташты.